Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинде тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасынын байкоо кеңешинин отуруму болуп өттү.

Новости
22-Июль 2012-ж.
2853

Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин министри Темир Сариевдин жетекчилиги алдында тышкы соода чөйрөсүндөгү Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасынын байкоо кеңешинин отуруму болуп өттү.

Министрдин сөзү боюнча, бирдиктүү терезени” киргизүү менен товарды ташып келүү же ташып чыгарууга билдирмелерди объективдүү караштырууга кепилдик берген жол-жоболор жөнүндө анык маалыматты сунуш кылган системаны тартипке келтирет.

Министр Темир Сариев Кыргызстандын экономикасы үчүн бирдиктүү терезе” принцибин киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп кетти. Атап айтканда, бирдиктүү терезе” боюнча ишке ашырылып жаткан иш чаралар тышкы экономикалык иш аракеттин катышуучуларынын ишин жеңилдетүүгө, республиканын инвестициялык климатын жакшыртууга, коррупцияны азайтуу үчүн чөйрөнү түзүү жана мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу