ДСУда Кыргызстандын төрагалыгы алдында жеке жактардын жер которуштуруу деңгээлинде кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүү боюнча 4-ыкма боюнча маселелер талкууланды

Новости
28-Июнь 2019-ж.
4427

2019-жылдын 24-июнунда, Женева шаарында ДСУнун штаб-квартирасында КР Экономика министрлигинин Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Н. Максутовдун төрагалыгы алдында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү бөтөнчө милдеттенмелер боюнча Комитеттин кезектеги жыйыны болду. 

Аталган Комитеттин максаты, кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн түрлөрү чөйрөсүндөгү милдеттенмелерди оптималдаштыруу жана имплементациялоо, ошондой эле ДСУ эрежелерин аткарууга мониторинг жүргүзүү боюнча маселелерди иштеп чыгуу болуп саналат. 

ДСУга мүчө башка өлкөрдүн аймагында кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жумушчуларынын эмгек ишмердүүлүгүн киргизүү шартын жөнгө салуу маселелеринде ачык жана айкындыкты жакшыртуу боюнча маселе Кыргыз Республикасы үчүн өзгөчө актуалдуу болуп саналат. 

Кыргыз Республикасы жогоруда аталган чөйрөнү жөнгө салуучу, ДСУ алкагында эл аралык сооданын эрежелерине айкындыкты жана транспаренттүүлүктү киргизүү зарылдыгын билдирди.

Комитетте ушу жылдын март айында башталган талкуу улантылды жана соода кызмат көрсөтүүлөрү боюнча ДСУ Макулдашуусунун XVI беренесине ылайык, кызмат көрсөтүүлөрдү берүү чөйрөсүндөгү экономикалык керектөөлөр боюнча тесттерди пайдалануу системасын түшүнүүнү жакшыртуу жана көбүрөөк ачык-айкындуулукту киргизүү ДСУ мүчө-өлкөлөрүнүн зарылдыгы жөнүндө маселе каралды. 

Ошондой эле, Комитетте жеткирүүнүн 4-ыкмасы боюнча кызмат көрсөтүүнүн айрым котегориялары боюнча өлкөлөрдүн так түшүүнүн жана жалпы аныктоолорду иштеп чыгуунун маанилүүлүгү жөнүндө маселе көтөрүлдү.

Жогоруда көрсөтүлгөн маселелер бир катар өлкөлөрдүн кызыгуусун жаратты, алар Индия, Түркия, Кытай, АКШ, ЕБ, Нигерия жана башкалар.

Талкуулардын жыйынтыгы боюнча мүчө-өлкөлөр Кыргыз Республикасына ДСУ мүчө-өлкөлөрү үчүн жеке жактардын деңгээлинде кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзүүнү жөнгө салуу чөйрөсүндө маанилүү маселелерди кайрадан жандандырууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу