Кыргызстанда Биологиялык коопсуздук коркунучуна чара көрүү боюнча регионалдык семинар өтүүдө

Новости
27-Июнь 2019-ж.
4432

Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылында (26-27.06.2019-ж.) улуттук, субрегионалдык жана эл аралык даярдык потенциалын бекемдөө жана биологиялык куралды атайылап пайдаланууга чара көрүү боюнча эки күндүк аймактык семинар өтүүдө.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Беларусь Республикасынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Семинардын максаттары болуп тажрыйба алмашуу, улуттук жана региондук деңгээлдерде ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жөнгө салуу, чара көрүү механизмдерин талкуулоо жана даярдыкты жогорулатуу максатында аймактык жана эл аралык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө актуалдуу маалыматтарды алуу эсептелет.

Семинардын жүрүшүндө табигый жана атайын мүнөздөгү биологиялык коопсуздуктун коркунучтарына эскертүү берүү жана чара көрүү көп тараптуу кызматташууну талап кылат, биологиялык куралды пайдалануу коркунучу менен байланышкан өзгөчө учурларда КБТО каалаган катышуучусуна жардам көрсөтүү боюнча аймактык жана эл аралык өз ара аракеттенүү механизмдерин чыңдоо белгиленди.

Регионалдык семинар Япония Өкмөтүнүн, КБТО имплементациясын колдоо бөлүмүнүн жана Бишкек шаарындагы ОБСЕ Программалык кеңсесинин колдоосунда өткөрүлдү.

Маалымат үчүн:

Кыргыз Республикасы Москва, Лондон жана Вашингтон шаарларында 1972-жылдын 10-апрелинде кол коюлган бактериологиялык (биологиялык) жана уулуу куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана запасын топтоого тыюу салуу жана аларды жок кылуу жөнүндө Конвенцияга (КБТО) 2004-жылы кошулган.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу