Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жыйынынын жыйынтыктары

Новости
24-Июнь 2019-ж.
4447

2019-жылдын 21-июнунда Минск ш. (Беларус) Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин (ЕЭК) жыйыны болду. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков баштаган Кыргыз делегациясы катышты.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин атынан министрдин орун басары Эльдар Алишеров катышты.

Жыйында интеграцияны өнүктүрүү, соода тармагында кызматташуу, эл аралык кызматташуу, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандарына айдоочу катары эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырууга уруксат берүү, бажылык кызматташуу, өнөр жай, товарларды маркалоо, ошондой эле мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларды ишке ашырууга тиешелүү 28 маселе каралды.

Жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду, анын ичинде 2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында (Кыргыз Республикасы) өтө турган Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартиби жактырылды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу