“Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору үчүнчү окууда жактырылган

Новости
20-Июнь 2019-ж.
4325

2019-жылдын 19-июнда КР Жогорку Кеңешинин жыйынында “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору үчүнчү окууда жактырылды. Мыйзам долбоору аталган Мыйзамды колдонуунун иш жүзүндөгү тажрыйбасын эске алуу менен МЖӨнүн мыйзамдык базасын өркүндөтүү жана аны ийгиликтүү эл аралык тажрыйбага ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.

Аны МЖӨ жөнүндө колдонуудагы Мыйзамдан айырмалап турган негизги ченемдер - акционердик коомдордун мүмкүнчүлүгү, алардын добуш берүүчү акцияларынын элүү жана андан ашык пайызы мамлекетке өнөктөш катары чыгууга таандык. МЖӨ колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, ошондой эле сунушталган редакцияда электрондук башкаруу, финансы жана банк кызмат көрсөтүүлөрү чөйрөсүндөгү инфратүзүмдүк объекттерге жана/же инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөргө карата да колдонулат.

Аталган мыйзамдын эң маанилүү артыкчылыгы болуп жеке өнөктү тандоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү саналат.

Ошондой эле, эгерде долбоордун жеке демилгечиси тендердин жеңүүчүсү деп таанылбаган учурда, анда тендердин жеңүүчүсү ага жеке демилге жөнүндө сунушту иштеп чыгууга кеткен чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү.

Мыйзамда ченемдик укуктук акт расмий жарыяланган күндөн 3 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет деп белгиленген.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу