Кыргыз Республикасынын “Техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды

Новости
20-Июнь 2019-ж.
4365

2019-жылдын 19-июнунда “Техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан үчүнчү окууда жактырылды.

Мыйзам долбоорунун негизги максаты болуп Кыргыз Республикасында продукцияны каталогдоштуруунун мамлекеттик системасын өнүктүрүү саналат (мамлекеттик бийлик органдарын, ишканаларды, уюмдарды, республикада өндүрүлгөн продукциянын номенклатурасы жана мүнөздөмөлөрү жөнүндө ишенимдүү маалымат, ошондой эле аны даярдоочулар жөнүндө маалымат менен камсыздоо).

Бизнес түзүмдөрдүн өкүлдөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо жана соодада техникалык тоскоолдуктарды четтетүү үчүн мамлекеттер аралык стандарттарга КМС улуттук стандарттарын иштеп чыгуунун зарылчылыгы.

Айрым терминдерди аныктоого өзгөртүүлөрдү киргизүү, атап айтканда, “техникалык регламенттердин талаптарын сактоого мамлекеттик контроль (көзөмөл)” жана “шайкештикти декларациялоо”, 2014-жылдын 29-майындагы “Евразия экономикалык бирлигинин алкагында техникалык жөнгө салуу жөнүндө ЕАЭБ Протоколунун” 9-тиркемесине ылайык келтирилет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу