Сапаттын заманбап инфратүзүмү жана жөнгө салуу жөнүндө

Новости
12-Июнь 2019-ж.
4458

2019-жылдын 1112-июндарында Нур-Султан шаарында (Казакстан Республикасы) Германия Физико-техникалык институтунун (РТВ) аймактык долбоорунун кезектеги жыйыны өтүп жатат. 

Бул отурумдун алкагында “Сапат инфратүзүмү жана сапатты жөнгө салуу" темасында семинар өткөрүлдү.

РТВ аймактык долбоордун катышуучулары болуп Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын Метрология жана аккредиттөө боюнча улуттук институттары саналат.

Ушул семинардын жана РТВ кезектеги аймактык жыйынынын уюштуруучулары: Германия РТВ физика-техникалык институту, Казакстан Республикасынын “КазИнМетр” республикалык мамлекеттик ишканасы жана Казакстан Республикасынын Улуттук аккредитациялоо борбору.

Ошондой эле бул жыйынга эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да катышууда:

Метрология мыйзамдары боюнча эл аралык уюмдун эксперти Энтони Доннелан, Эл аралык байланыш боюнча BIPM адиси Чингис Куанбаев.

Семинардын жүрүшүндө ар бир өлкө метрология аркылуу сапат инфратүзүмүн өнүктүрүү жаатындагы өз жетишкендиктерин презентациялайт.

Аймактык долбоордун отурумунун күн тартиби жалпы техникалык жөнгө салуу жана инфратүзүм жаатындагы төмөнкү маанилүү маселелерди камтыйт:

  • керектөөчүлөрдү коргоо. Атаандаштык күрөш. Жаңычылдык.
  • өнөр жайын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн эмнени жөнгө салуу керек жана эмнени жөнгө салбаган оң; 
  • өлкөлөрдө техникалык жөнгө салууну өнүктүрүү боюнча мыйзам чыгаруу жана өнөр жай метрологиянын иш-милдеттери.

Сапат инфраструктурасы өнүккөн өлкөлөрдүн мисалдарындагы өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо жаатында техникалык жөнгө салуу жана мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүн аныктоо тууралуу маалымат берилди.

Жогоруда аталган аймактык семинар аяктаганда 2019-жылдын 13-июнунда “Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө” темасында семинар өткөрүү пландаштырылууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу