Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинде Кыргыз Республикасынын көмүскөдөгү экономикасына изилдөө жүргүзүүнүн негизги багыттары талкууланды.

Новости
20-Июль 2012-ж.
2768

Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинде министр Темир Сариевдин көмүскө экономикасын изилдөө боюнча Инвестициялык тегерек стол” коомдук бирикмесинин эксперттеринин тобу менен жолугушуусу болуп өттү. Бул изилдөөнүн заказчысы болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги жана Дүйнөлүк банк эсептелет.

Жолугушуунун жүрүшүндө М-Вектор” консалтинг агенттиги атынан социологиялык суроого жооп берүүчү өнөктөш уюм бар экендиги белгиленди.

Эксперттер: Р.Хасанов, К.Умурзаков, К.Измайлов, Е. Мокроусова жана П.Котулева жүргүзүлгөн иштер, пландаштырылган иш чаралар, иштелип чыккан анкеталардын түзүмү жана анкеттөө үчүн тандалган адамдардын категориялары тууралуу маалымат беришти. Атап айтканда, изилдөө 1200 миң ишкананын камтыйт, көмүскөдөгү иш аракеттин айрыкча жогорку тобокелдигине ээ болгон- кумар оюн-зоок бизнеси, жогорку кирешелүү бизнес, бажы жол-жоболору сыяктуу тармактарга акцент коюлган.

Министр Темир Сариев көмүскө экономиканын жогорку деңгээлин камтыган тобокелдиктин потенциалдуу зоналарына өзгөчө көңүл бурду, мында эксперттерге ушул секторлордо көмүскө экономиканын көлөмүн айрыкча деталдуу тактоого керек.

Акырында ушул изилдөөнүн натыйжасы болуп республиканын көмүскө экономикасынын масштабдарын баалоо гана эмес, анын көлөмүн кыскартуу боюнча конкреттүү сунуштарды камтыган документ, ченемдик укуктук актыларга киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор, кабыл алынып жаткан чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу болушу керек.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу