Казакстан Республикасына айыл чарба продукцияларын ташып чыгуучу ишкерлер КНС, сатуудан салык, киреше салыгын жана мүлк салыгын төлөөдөн бошотулду

Новости
07-Июнь 2019-ж.
4447

Урматтуу ишкерлер өз укуктарыңарды пайдаланыңыздар!

Казакстан Республикасына жана башка өлкөлөргө айыл чарба продукцияларын ташып чыгууда (мөмө-жемиш, жашылча ж.б.) ишкерлер КНС, сатуудан салык, киреше салыгын жана мүлк салыгын төлөөдөн бошотулду.

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Дастан Кадыров белгилегендей, өлкөнүн Салык кодексине ылайык, мындай ишкерлерге карата төмөнкүдөй талаптар коюлат:

- иш ата мекендик айыл чарба продукциясын жана аны кайра иштетүү продуктуларын сатууга багытталышы керек;

- жер участоктору же анда жайгашкан администрациялык, складдык жана башка имараттар, сорттоо үчүн арналган жайлар жана курулмалар, калибрлөө, сактоо, маркалоо, таңгактоо, ташуу, кайра иштетүү, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү өндүрүштөрү ишкерлерге таандык болушу керек.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу