Корея Республикасынын элчиси менен болгон жолугушууда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин башчысы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Новости
04-Июнь 2019-ж.
9685

2019-жылдын 4-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика министри Санжар Муканбетов менен Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ха Тэ Ек мырзанын жолугушуусу болду. 

Аталган жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу маселелери, алдыдагы жогорку деңгээлдеги визиттер жана жакын арада кыргыз-корей өкмөттөр аралык комиссиясынын 3-жыйынын өткөрүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. 

Элчи Ха Тэ белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жаңы “Түндүк саясаты” демилгесин алга жылдырууда, ал Борбордук Азия өлкөлөрүн кошкондо, түндүк багыттагы өлкөлөр менен мамилелерди өнүктүрүүгө багытталат жана бул саясаттын алкагында Кыргыз Республикасы Түштүк Корея үчүн чоң мааниге ээ. 

Жолугушуунун катышуучулары белгилегендей, эки өлкөнүн ортосундагы активдүү кызматташуу төмөнкү эл аралык уюмдар аркылуу өтүп жатат: Эл аралык кызматташуу боюнча Корей агенттиги (KOICA), Өнүктүрүүнүн расмий жардам программалары (ODA), Экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү фонду (EDCF). 

Бир убакта Сеул - Бишкек түз авиарейсин ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды, ал албетте, экономиканын көптөгөн чөйрөлөрүндө кызматташтыкты жандандырууда оң таасирин тийгизет.

Министр С. Муканбетов, Корея Республикасы ийгиликтүү экономикалык өнүгүүнүн мисалы болуп саналат деп белгиледи жана KOICA линиясы боюнча долбоорлорду ишке ашырууга көрсөткөн жардам үчүн Корея Республикасына ыраазычылык билдирди.

Корей тарап азыркы учурда ишке киргизүү жана жүзөгө ашыруу стадиясында бекитилген үч долбоору бар экенин билдирди, алар: “Менин айылым” “Кыргыз Республикасында өртөн куткаруу кызматынын потенциалын жогорулатуу жолу менен өрттөн калктын коопсуздук деңгээлин жогорулатуу”, “Органикалык айыл чарба жаатындагы саясатты ишке ашырууну колдоо жана КР фермерлердин потенциалын жогорулатуу”. Бүгүнкү күндө 2020-жылга долбоордук сунуштар корей тараптын кароосунда турат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу