Мамлекеттер аралык стандартташтыруунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө

Новости
31-Май 2019-ж.
4196

2019-жылдын 27-29-майларында Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) ӨТКнын иштерин уюштуруу боюнча жумушчу топтун 4-жыйыны менен биргеликте стандартташтыруу боюнча Илимий-техникалык комиссиянын 57-жыйыны болуп өттү.

Аталган отурумдардын ишине ӨТК, КМШ Аткаруу комитетинин, стандартташтыруу боюнча Кыргызстандан, Казакстандан, Белорусиядан, Россия Федерациясынан жана Өзбекстандан стандартташтыруу боюнча улуттук органдардын, ошондой эле Өкмөттөр аралык техникалык комитеттердин, ЭАГУ стандарттары боюнча Бюросунун, КМШ электр энергетикалык кеңешинин жана башка уюмдардын өкүлдөрү катышты 

ӨТК ЖТ жыйынында бир нече ӨТК өткөрүп берүү, бириктирүү жана кайра түзүү боюнча көптөгөн маанилүү маселелер талкууланды. Отурумдун катышуучулары макулдашылган сунуштарга жетүү үчүн бардык кызыкдар тараптардын активдүүлүгүнүн жогору экендигин белгилешти. Жыйынтыгында бул маселелер стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча Мамлекеттер аралык кеңештин (МАК) 55-жыйынында жактырылган жана бекитүү үчүн сунушталган.

Ошону менен бирге, УТКС 57-жыйынында мамлекеттер аралык стандартташтыруу жана  МАК 2030 стратегиясы боюнча документтерди жайылтуу тартибинин долбоору каралды, ал өзүнө максаттарды, өнүгүү келечегин, МАКнын келечектүү түзүмүн, мамлекеттик стандарт ГОСТ 1.6 “Стандартташтыруунун мамлекеттер аралык системасы негиз салуучу стандарттарды, мамлекеттер аралык стандартташтыруу боюнча иштердин программасын, ишке ашыруу үчүн түзүү, кабыл алуу, өзгөртүү киргизүү жана контролдоо эрежелерин камтыйт”.

Ошондой эле стандартташтыруу боюнча улуттук органдардын сунушу боюнча 2020-жылга чейинки мезгилге КМШнын Экономикалык өнүктүрүү Стратегиясын ишке ашыруунун алкагында, анын ичинде Кыргыз Республикасында Макулдашууга катышкан мамлекеттердин стандартташтыруу чөйрөсүндө кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо маселеси каралды. УТКС мүчөлөрүн талкуулоонун жыйынтыгы боюнча 2019-жылдын августунда мамлекеттер аралык стандартташтыруу боюнча документтерди жайылтуу боюнча тажрыйба алмашуу жана актуалдуу маселелер боюнча тегерек стол өткөрүү пландаштырылган.

Жыйындардын жыйынтыктары боюнча катышуучулар мамлекеттер аралык стандартташтыруунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган, 2019-жылдын 26-28-июнунда Пятигорск шаарында өтүүчү МАКнын кезектеги жыйынында чечимдерди кабыл алуу үчүн сунуштар иштеп чыгарылды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу