2019-жылдын биринчи кварталы үчүн Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө

Новости
22-Май 2019-ж.
5092

2019-жылдын 22-майында Өкмөттүн жыйынынын жүрүшүндө Экономика министри Олег Панкратов биринчи квартал үчүн Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымдады, алар таасир этүүчү факторлордун ички да, тышкы да таасиринде калыптанган.

Ал белгилегендей, дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсүнө таасир этүүчү негизги факторлор төмөнкүлөр:

- негизги стратегиялык өнөккө карата санкциялык режимди катаалдатууга байланыштуу мамлекеттик саясий тобокелдиктердин сакталышы - Россия Федерациясы жана Жакынкы Чыгыштагы туруксуздук;

- ФРС акча-кредиттик саясатын жеңилдетүү, бул негизги стратегиялык өнөктөштөрдүн улуттук валюталарынын алмашуу курстарын жана кыргыз сомун турукташтырууга мүмкүндүк берди;

- 2019-жылдын январь-мартында капиталдын агымын күчөтүү;

- фонддук рыноктогу туруксуздук ж. б.

Ушул фондо 2019-жылдын январь-марты үчүн экономиканы өнүктүрүүнүн жыйынтыктарынын негизги натыйжасы өлкөдө макроэкономикалык жана социалдык туруктуулукту камсыз кылуу жана экономикалык өсүштүн оң темптерине жетишүү болуп калды.

Улуттук статистика комитетинин алдын ала баалоосу боюнча 2019-жылдын январь-март айларынын жыйынтыгы менен ички дүң продуктунун көлөмү 104,5 млрд.сом суммасында түзүлгөн жана өсүштүн реалдуу темпи 5,3% ды түздү (2018 – жылдын январь-март айларында 1,2%). ИДПнын дефлятору 97,0 % дын деңгээлинде түзүлдү.

Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эске албаганда ИДПнын реалдуу өсүш темпи 101,4% ды түздү, 2018-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 103,1% ды түзгөн.

Инфляциянын деңгээлин мүнөздөөчү керектөө бааларынын индекси 100,0% ды түздү (2019-жылдын мартынан өткөн жылдын декабрына карата), 2018-жылы ушундай көрсөткүч 101,1% ды түзгөн.

Инфляциянын орточо жылдык мааниси (2019-жылдын январь-мартынан 2018-жылдын январь-мартына карата) 99,7 % ды түздү, анда январь-март айында башталган, 2018-жылдын январь-марты үчүн 2017-жылдын январь-мартына карата103,1 % ды түздү.

Экономикалык өсүш экономиканын бардык тармактары тарабынан камсыздалган:

- Айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 23,5 млрд.сомду түзүп, өсүш темпи 101,8% ды түздү.

- Айыл чарба продукцияларын дүң чыгаруунун көлөмүнүн өсүшү негизинен мал чарбасынын продукцияларын өндүрүүнүн 1,9% га, ошондой эле өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукцияларын өндүрүүнүн 0,5% га жогорулашы менен камсыздалды.

Өкмөт фермерлерге жеңилдетилген кредиттерди берүүнү улантып жатат (2019-жылдын 17-майына карата абал боюнча 8661 фермерлерге жана фермердик чарбаларга жалпы суммасы 3864,1 млн сом берилген).

Өнөр жайда 2019-жылдын январь-март айларынын жыйынтыгы өсүш темпинин оң динамикасын мүнөздөйт. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмдөрүнүн кыйла көбөйүшү негизинен төмөнкүлөр менен шартталган:

- Кумтөр кенинде негизги металлдарды өндүрүүнүн өсүшү алтындын курамы жогору горизонтторго чыгуунун эсебинен өсүш темпи (150% өсүү темпи 2018-жылдын I кварталындагы 78,7%). 

Жогоруда көрсөтүлгөн факторлор менен катар өнөр жайды өнүктүрүүгө так иштелип чыккан секторду өнүктүрүүнүн багытынын жоктугу белгилүү даражада таасир тийгизет. Үч жылдан бери өнөр жайды туруктуу өнүктүрүү Стратегиясынын долбоорун жана ЮНИДОнун техникалык колдоосу менен аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу жүрүп жатат жана ушул кезге чейин бул багыттагы иштер аягына чыга элек.

Курулуш комплексинде капиталдык салымдардын көбөйгөндүгү белгиленди. 2019-жылдын январь-мартынын жыйынтыктары боюнча каржылоонун бардык булактарынын эсебинен негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 18,9 млрд.сомду түздү жана 1,0% га көбөйдү (2018-жылдын январь-март айларындагы өсүш 1,5%).

Негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн өсүшү пайдалуу кендерди казып алуу объекттерин курууда алардын 6,8% га көбөйүүсү менен шартталат, суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү – 14,5 эсе, дүң жана чекене соода – 45,0 % га, маалымат жана байланыш – 10,4 %, ошондой эле турак жай – 6,5 %.

Ички булактардын эсебинен каржылануучу инвестициялардын көлөмү бул мезгилде 7,1% га төмөндөдү, ал эми тышкы инвестициялардын эсебинен тескерисинче 39,5% га өстү.

Экономиканы капиталдаштыруунун көлөмүнө жараша, 2019-жылдын январь-март айларында курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 18,1 млрд.сомду түздү, ал жерде 3,1% га көбөйдү (2018-жылдын январь-март айларындагы 1,4% га өсүш).

Отчеттук мезгилде сооданын өсүшү 103,9 % ды түздү, ички сооданын өнүгүшүн тездетүүгө төмөнкү факторлор таасирин тийгизди: акча которууларынын таза агымынын 6,3% дан ашык туруктуу өсүшү, реалдуу эмгек акынын 4,4% га көбөйүшү, ошондой эле экономикага кредиттерди 2,4% га жогорулатуунун эсебинен ички керектөө суроо-талабынын калыбына келишин улантуу.

2019-жылдын январь-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жүгүртүүсү 1533,3 млн. АКШ долларын түздү жана 2018 – жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,3% га төмөндөдү, анын ичинде экспорт-434,4 млн. АКШ долларын түздү жана 13,7% га көбөйдү, импорт – 1098,9 млн. АКШ долл. (8,7% га төмөндөө). Товар жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорттун үлүшүнө – 28,3 %, импортко-71,7% туура келген. Алтынды эсепке албаганда товарлардын экспорту 9,9% га азайган, 234,4 млн. АКШ долларын түздү. 2018-жылдын январь-мартына салыштырганда экспорттук жөнөтүүлөрдүн 13,7% өсүшү алтынды экспорттоонун 1,6 эсеге жогорулашы менен шартталды.

Республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 2019-жылдын январь-мартында 1333,3 млн АКШ долларын түзгөн жана 2018-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 8,9% га кыскарган.

ЕАЭБте экспорттук жөнөтүүлөрдүн төмөндөшү бут кийимдерди жеткирүү көлөмүнүн 3,6 эсеге жана кийим - кече жана кийим – 2,0 эсеге, сүт жана сүт азыктары-1,4 эсеге төмөндөшү менен шартталган, ал эми пахта отчеттук мезгилде экспорттолгон эмес. Кийим - кечени ички өндүрүү 29,2 % га өсүшүнө карабастан, алардын экспорту Кыргыз Республикасына кийимдерди импорттоону кыскартуунун эсебинен 1,8 эсе азайды.

Ошону менен бирге, мунайзатты көмүскө импорттоонун көлөмү азайбай жатат, бул салыктардын түшүүлөрүнө олуттуу таасир тийгизет. Контрабандалык жеткирип берүүлөрдү азайтуу үчүн биз менен бирге салык кызматтары тарабынан атайын посттор белгиленет, бирок негизги көйгөй, мунайзаттарды контрабандалык алып келүү, мындай посттору жок чек арасы аркылуу өтүүдө. Ошондуктан чек арачылардын контрабандалык жеткирүүгө жол бербөө боюнча иштерин күчөтүү зарыл

Республикадагы 925 май куюучу жайларынын ичинен болгону 270 май куюучу жай же 30 % гана мунай заттарын эсептөөнүн ири автоматтык системасын (АСУ) орното алат, бул сатылуучу КММ бөлүгүн салык салуудан жашырууга алып келет. Ошондуктан май куюучу станцияларды орнотуу зарыл деп эсептейбиз, токтомдун тийиштүү долбоору иштелип чыгып, аны кабыл алууну тездетүүнү өтүнөм, - деп билдирди министр.

Акыркы бир нече жылда кызмат көрсөтүү секторунун өсүшү, алардын көп салыштырма салмагы улам ИДПнын жалпы көрсөткүчтөргө олуттуу таасир этет.

Мындан тышкары, экспортоочу берүүчүлөр КНС суммасын кайтарып бербөө дагы бир чоң көйгөй болуп саналат, бул продукцияларды экспорттоого багытталган өнөр жай ишканаларынын финансылык көрсөткүчтөрүнө терс таасирин тийгизет, ошондуктан республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүдө каралган каражаттардын көлөмүн 500 млн.сомдон 1,0 млрд. сомго чейин көбөйтүү зарыл.

Максаттуу көрсөткүчтөрдү камсыздоо үчүн жылдын жыйынтыгы боюнча бул жылы төмөнкүлөр зарыл:

- Талды-Булак сол жээк, Иштамберди, Бозымчак, Куру-Тегерек, Караказык, Жамгыр, Чаарат кен чыккан жерлерде өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү, 2019-жылдап баштап негизги металлды иштеп чыгуу менен Жерүй кенинде өндүрүштү ишке киргизүү.

- КР ӨЭЖМК УСК менен биргеликте 2019-жылдын максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетүү үчүн калктын өндүрүштүк ишинин көлөмүн толук эсепке алуу боюнча иш жүргүзсүн;

- суунун тартыш мезгилинин башталышын эске алуу менен, калкка электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүнү камсыздоо жана экономиканын секторлорун өнүктүрүү үчүн Токтогул суу сактагычында суу топтоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга токтоосуз киришсин;

- алкоголдук продукцияны көмүскө жүгүртүүнүн үлүшүн кыскартуу максатында, алкоголдук продукцияны чекене сатууну кошкондо, өндүрүүнү жана дүң сатууну жөнгө салуучу “Бирдиктүү мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык система” (БМАМС) автоматташтыруу системасын киргизүү;

- натыйжалуу жаңы жабдууларды жана технологияларды киргизүү аркылуу эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган, өнөр жай потенциалын баалоо жана өнөр жай өндүрүшүн модернизациялоо жана техникалык кайра жабдуу боюнча чаралардын комплексин караган, орто мөөнөттүү мезгилге өнөр жайды туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын долбоорун толуктап иштеп чыгуу;

2019-жылга Өкмөттүн планын бекитүүдө бардык министрликтер менен ведомстволор мамлекеттик органдардын ишин баалоонун жаңы методикасына негизделген максаттуу багыттарды камсыздоо үчүн өздөрүнүн ведомстволук пландарын иштеп чыгат деп болжолдонгон.

Ошондуктан бул пландарды аткарууну камсыз кылуу үчүн карап чыгуунун механизмин иштеп чыгуу жана бекитүү зарыл.

Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин 2018-жылга карата Премьер-министрдин отчетун кароодо жалпы жыйынында депутаттар тарабынан Өкмөттүн ишин жакшыртуу жана жакынкы мезгилге карата экономиканы өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча көптөгөн сунуштар айтылды. Айрым чаралар Өкмөттүн ушул жыйынынын протоколдук тапшырмасынын долбоорунда чагылдырылган, - деп жыйынтыктады министр.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу