Маалыматтардын негизинде экономикалык саясат стратегиясын иштеп чыгуу жөнүндө

Новости
22-Май 2019-ж.
4871

2019-жылдын 21-22- майларында Бишкек шаарында Дүйнөлүк банктын колдоосу менен “Сапаттуу экономикалык саясат үчүн сапаттуу маалыматтар” аймактык конференциясы өттү. Бул конференцияда эл аралык жана жергиликтүү эксперттер статистикалык ведомстволорду өнүктүрүүнүн, ошондой эле интеграцияланган административдик маалыматтарды чогултуу жана берүү системаларын иштеп чыгуунун практикалык тажрыйбасы менен чогулду.

Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүнүн мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери Улуттук статистикалык системаларды жакшыртуу жана модернизациялоо ыкмаларын, маалыматтарды өндүрүү жана талдоо ортосундагы өз ара аракеттенүүсүн, ошондой эле келечектеги жетишкендиктер үчүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого кошулду.

Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат башкармалыгынын начальниги Насирдин Шамшиев “Маалыматтардын негизинде экономикалык саясат стратегиясын иштеп чыгуу” аттуу презентациясы менен чыгып сүйлөдү. Презентациянын жүрүшүндө негизги басым далилдөө базасын, аналитикалык методдорду түзүүгө, экономикалык саясат чөйрөсүндөгү чечимдерди кабыл алууда мамлекеттик органдардын потенциалын кыйла жакшыртууга багытталган.

Ал белгилегендей, туруктуу статистикалык системалар экономикалык саясат маселелеринде салмактанган чечимдерди кабыл алууга негиз түзөт. Социалдык жөлөкпулду жана жардамды аларга абдан муктаж болгон адамдар алып атабы? Электрэнергиясынын тарифтеринин өзгөрүшү калктын начар корголгон катмарына кандай таасир этет? Мындай суроолорго мамлекеттик маалыматтарды топтоо жана берүү системалары жогорку сапаттуу маалыматтарды даярдоо, талдоо жана таркатуу үчүн натыйжалуу иштеп турганда гана толук түрдө жооп берүүгө болот.

Башкаруучулук экономикалык чечимдерди кабыл алуу статистикалык маалыматтарды кылдат, объективдүү жана калыс талдоонун негизинде жүргүзүлөт. Экономика министрлиги негизги колдонуучулардын бири катары, статистикалык маалыматтардын негизинде ар кандай аналитикалык маалымкаттарды даярдайт, статистикалык маалыматтарды ар тараптуу жана терең талдоо өлкөдө болуп жаткан социалдык-экономикалык көрүнүштөргө жана процесстерге тез жооп берүүгө жардам берет, ошондой эле алардын негизинде алдыдагы жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолун түзөт, - деп белгиледи Н. Шамшиев.

Ошондой эле, аталган маалыматтарды салыштырууну камсыздоо үчүн зарыл болгон иш чаралар тууралуу билдирди:

- ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө;

- өз ара аракеттенүүнү институционалдаштыруу (дайыма иштөөчү жумушчу топтор, макроэкономикалык статистика боюнча кеңештер, маалымат алмашуу жана маалыматтарды салыштырып текшерүү жөнүндө макулдашуу);

- макроэкономикалык статистиканын маалыматтарынын мамлекеттик болжолдоо системасынын катышуучулары менен шайкеш келүү маселелери боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү.

- экономиканын секторлору боюнча институттук бирдиктердин макулдашылган тизмесин иштеп чыгуу;

- статистиканы түзүү үчүн баштапкы маалыматтарды өркүндөтүү боюнча негизделген сунуштарды даярдоо;

- зарыл болгон учурда статистикалык маалыматтарды үзгүлтүксүз салыштырып текшерүү, убактылуу катарларды кайра кароо жана жаңыртылган маалыматтарды берүү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу