Дүйнөлүк тамак-аш коопсуздук күнүн майрамдоо жөнүндө

Новости
22-Май 2019-ж.
4689

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору (КР ЭМге караштуу СМБ) 2019-жылдын 7-июнунда боло турган Дүйнөлүк тамак-аш коопсуздук күнүн белгилөө жөнүндө маалымдайт.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы 2018-жылдын 20-декабрында Дүйнөлүк тамак-аш коопсуздук күнүн белгилөөчү 73/250 резолюциясын кабыл алган. 2019-жылдан баштап 7-июнда Коопсуз тамак-аштын көптөгөн артыкчылыктары белгиленет. 

Тамак-аш азыктарынын коопсуздугунун Биринчи Дүйнөлүк күнү “Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу, ар бир адамдын иши” деген темада болот жана азык-түлүк, адамдардын ден соолук коопсуздугун, экономикалык гүлдөп өсүшүн, айыл чарбасын, рынокторго жеткиликтүүлүгүн, туризм жана туруктуу өнүктүрүүгө мүмкүндүк берүүчү тамак-аш азыктары менен байланышкан тобокелдиктерди алдын алуу, аныктоо жана башкаруу боюнча иш-аракеттерге түрткү берет.

Дүйнөлүк тамак-аш коопсуздугунун биринчи күнүнө карата КР ЭМге караштуу СМБ 2019-жылдын 4-июнунда Бишкек ш. Саясатчылар жана жогорку деңгээлдеги жетекчилер үчүн Улуттук семинар өткөрүүнү пландаштырууда, ага Жогорку Кеңештин, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлдөрү, тамак-аш азык-түлүктөрүнүн коопсуздугу маселелерине жооптуу министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, башка кызыкдар тараптар чакырылган, ошондой эле аймактагы тамак-аш продукциясынын коопсуздук маселелери боюнча жооптуу органдардын өкүлдөрү үчүн 6-июнда Талас шаарында ушундай эле семинарды өткөрүүнү пландаштырууда.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу