Министр О. Панкратов Дүйнөлүк банк өкүлдөрү менен болгон жолугушууда экономикалык башкаруу ыкмаларын пайдалануу боюнча ишке ашырылып жаткан долбоорлорду талкуулашты

Новости
21-Май 2019-ж.
4315

2019-жылдын 20-майында КР Экономика министри Олег Панкратов Каролина Санчез айым, жакырчылык жана бакубатчылык маселелери боюнча глобалдык практиканын улук директору, практиканын жетекчиси Карлос Сильва мырза менен жолукту, алар биринчи жолу Кыргыз Республикасына иш-сапар менен келишкен.

Жолугушуунун негизги максаты - жакырчылык жана бакубаттуулук маселелери боюнча глобалдык практиканын жетекчилигинин Экономика министрлигинин жетекчилигине сунуш кылуу алкагында Дүйнөлүк банк менен кызматташуу.

Жолугушуу учурунда Тараптар туура башкаруу чечимдерин кабыл алуу жана министрликтин кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу үчүн глобалдык экономиканын өнүгүшүндө күтүүсүз жагдайларда экономикалык башкаруунун жаңы ыкмаларын жана куралдарын киргизүү жана пайдалануу боюнча биргелешип ишке ашырылып жаткан долбоорлорду талкуулашты.

Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү тарабынан Кыргызстандагы үй чарбаларынын бакубаттуулугуна салыктардын жана субсидиялардын тийгизген таасирин талдоо сунушталды. Ошондой эле экономиканын жеке секторундагы реформаларды жана алардын жакырчылык таасирин баалоо боюнча үлгүнү көрсөтүү мүмкүндүгү айтылды. Зарыл болгон учурда үй чарбаларынын бакубаттуулугуна фискалдык чаралардын таасиринин эсеби жана жеке сектордогу реформаларды баалоо боюнча моделди өткөрүп берүүгө, ошондой эле ишке тартылган кызматкерлерди окутууга даяр экендиги билдирди.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу