КР Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун базасында консультативдик аянтча иштеп жатат

Новости
20-Май 2019-ж.
4274

2019-жылдын 1-майынан 17-майына чейин бизнес-коомчулугу, мамлекеттик органдар жана бардык кызыкдар жактар үчүн ЕАЭБге интеграцияланууда Кыргыз Республикасынын адаптациялануу мезгилинде мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртуу жана тобокелдиктерди азайтуу боюнча КР ЭМге караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун базасында кызыкдар тараптардын бардык кызыккан суроолоруна белгилүү эксперттер жана жетектөөчү адистер тарабынан техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу метрология, менеджмент системасы, шайкештикти баалоо чөйрөсүндө жана Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринин жоболорун түшүндүрүү боюнча консультациялар уланууда.

Алсак, төмөнкү суроолор боюнча консультациялар берилди:

- балдар тамак-ашын техникалык жөнгө салуу;

- чийки продуктулар боюнча сүт бирлиги тарабынан антибиотиктердин курамын таңгактоо жана контролдоо маселелери;

 - Бишкек сыноо, сертификациялоо жана метрология борборунун кызмат көрсөтүүлөрү;

- тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу тутумдарын тамак-аш ишканаларына киргизүү;

Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин кызматкерлерин соода фитосанитардык чараларды колдонуу бөлүгүндө коммерциялык укук боюнча эл аралык форумга катышууга даярдоо;

- институционалдык жана тамак-аш продукциясынын ченемдик коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл менен ЕАЭБдин ТРнын талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөл (контроль) менен айкалыштыруу месалелери.

Бул иш-чаралардын баары өлкөнүн улуттук экономикасын жаңылоого, экспорттук потенциалды, өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн, Евразия экономикалык бирлигинин рынокторунда жана дүйнөлүк аренага багытталган.

Белгилей кетсек, маселелер спектри жана консультация алууну каалагандардын саны көбөйүүдө. Суроолорду 62-37-90, 66-22-81  телефону жана nism@nism.gov.kg электрондук дареги боюнча берүүгө болот; кабыл алуу күндөрү: шаршемби жана жума 16-00 дон 18-00 го чейин КР ЭМге караштуу СМБ чакан залында.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу