Сүттүн жана сүт азыктарынын сапат жана коопсуздук шайкештигин баалоо системасын жакшыртуу жөнүндө

Новости
15-Май 2019-ж.
4845

2019-жылдын 14-майында КР Экономика министрлигинде, 2018-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосунда кол коюлган, сүттүн жана сүт азыктарынын сапатын жакшыртуу үчүн тамак-аш лабораторияларынын адам ресурстарын өнүктүрүү долбоорунун алкагында, министрдин орун басары Эльдар Алишеровдун, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн, JICA долбоорунун өкүлү Уэн Кадзуми мырзанын, топтун жетекчисинин, долбоордун башкы менеджеринин жана JICA туруктуу өкүлүнүн орун басары ж.б. катышуусунда баштапкы кеңешме өткөрүлдү.

Долбоордун максаты ЕАЭБдин техникалык регламенттерине ылайык жүгүртүүгө чыгарылган сүттүн жана сүт азыктарынын сапат жана коопсуздук шайкештигин баалоо системасын жакшыртуу болуп саналат. 

Долбоор эки компоненттен турат:

- сүттүн жана сүт азыктарынын сапатын жакшыртуу үчүн тамак-аш лабораторияларынын адам ресурстарын өнүктүрүү;

- ХАССП принциптерине негизделген тамак-аш продукциясын өндүрүү процесстерин контролдоо. 

Долбоордун узактыгы үч жарым жыл.

Долбоор ишке ашырылган жер: Бишкек шаары жана айылдык райондор. 

Долбоордун максаттуу топтору:

КР Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору;

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Түндүк регион боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору

- Тамак-аш азыктарын сыноонун райондук борборлору.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн лабораториялык сыноолорду өткөрүү жана КР Экономика министрлигине караштуу ХАССП инспекциясын жүргүзүү боюнча жумушчу топтор түзүлөт.

Маалымат үчүн:

ХАССП - бул тобокелдиктерди талдоо жана критикалык контролдук пункттарды аныктоо, Hazard Analysis and Critical Control Points (HACCP). 
ХАССП тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруу тармагында жалпы таанылган ыкма болуп саналат. ISO 22000 стандарты “Тамак-аш азыктарын коопсуздук башкаруу системасы” деп аталат.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу