Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү боюнча сынак өткөрүү тартиби бекитилди

Новости
14-Май 2019-ж.
4254

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы токтому менен Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү боюнча сынак өткөрүү тартиби бекитилди

Документ ишенимдүү башкаруучуларды тандоо боюнча ачык сынак өткөрүүнүн эрежелерин жана шарттарын аныктайт. Ошентип, 2018-жылдын 22-майындагы “Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө” Мыйзамы менен каралган мамлекеттик секторго кесипкөй башкаруучу компанияларды тартуу механизмдерин иш жүзүндө жүзөгө ашыруу үчүн шарттар түзүлгөн. 

Бул механизм мамлекеттин катышуусу бар компанияларга жана мамлекеттик ишканаларга кесипкөй башкаруучу командаларды тартууга, келишимдик негизде жеке сектордун потенциалын жана ресурстарын аутсорсинг принциби боюнча пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Ишенимдүү башкаруу акционердин функцияларын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фонд тарабынан менчиктештирүүнүн жана көндүм механизмин ишке ашыруунун альтернативасы катары каралат.

Бул варианттын артыкчылыгы болуп мамлекеттик активдерди ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү менчик укугунун ишенимдүү башкаруучуга өтүшүнө алып келбегендиги саналат. Мында ишенимдүү башкаруучуну тандоо атайын түзүлүүчү сынактык комиссия тарабынан ачык атаандаштык негизде жүргүзүлөт. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу