Монополияга каршы жөнгө салууну өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун карап чыгуу жөнүндө

Новости
07-Май 2019-ж.
4052

2019-жылдын 6-майында Кыргыз Республикасынын Экономика министри Олег Панкратов бизнес ассоциация өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, “Атаандаштык жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө”, “Ишкер субъекттерин текшерүүнү жүргүзүү тартиби жөнүндө” жана “Изин суутпай издөө иши жөнүндө” Мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоору талкууланды.

Мыйзам долбоордун максаты:

- Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) жөнүндө келишимдин 75-беренеси менен карама-каршылыктарды жоюу, ал бузуулар жөнүндө кодексте монополияга каршы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик чаралары жок экендигин билдирет;

- атаандаштыкка каршы макулдашууларды (картелдерин) жана макулдашылган иштерди табуу максатында, билдирбестен (күтүүсүз) текшерүү жүргүзүү боюнча монополияга каршы органга ыйгарым укук берүү жолу менен монополияга каршы мыйзамдардын талаптарынын натыйжалуу аткарылышын камсыздоо.

Талкуулоодо билдирбестен текшерүү жүргүзүү укугун монополияга каршы органга берүү, ишкерликке кийлигишүүнү кыскартуу жана инвестицияларды тартуу боюнча мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка каршы келүүсү да айтылды

Талкуулоонун жыйынтыгында ЕАЭБ жөнүндө келишимде карама-каршылыктарды четтетүүгө багытталган мыйзам долбоордун ченемдерин гана алдыга жылдыруу чечими кабыл алынды.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу