Кыргыз Республикасында ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалар жөнүндө

Новости
02-Май 2019-ж.
4533
2019-жылдын 3-майында саат 10:00до “Park Hotel” отелинде Кыргыз Республикасынын Экономика министри Олег Панкратовдун катышуусунда, “Кыргыз Республикасында ишкердикти колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган Экономика министрлигинин жүргүзүп жаткан реформалары” деген темада конференция болот.

Аталган конференциянын максаты, ишкерлердин жетишкендиктери, жүргүзүлүп жаткан реформалары жана Экономика министрлигинин бизнес чөйрөнү жакшыртуу жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жакшыртуу боюнча мындан аркы пландары тууралуу деталдуу маалымдоо болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө анын бардык катышуучулардын кызыктырган суроолорун берүү, маселелерди биргелешип талкуудан өткөрүү жана тийиштүү чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгү болот.

Конференциянын катышуучулары: мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү, ошондой эле өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу