Түрк бизнесмендери Нарын облусунун артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлору менен таанышышты

Новости
29-Апрель 2019-ж.
5003

Нарын шаарында, жергиликтүү бизнес-коомчулуктун түрк бизнес-түзүмү менен соода-экономикалык кызматташуусун чыңдоо жана кеңейтүү максатында, Түркиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Мустафа Курттун башчылыгы алдында түрк делегациясынын катышуусу менен тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Нарын шаарынын мэри, райондордун акимдери, КР Экономика министрлигинин Аймактар аралык башкармалыгынын Нарын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери, Нарын облусунун чакан жана орто бизнесинин, ошондой эле региондук ЖМК өкүлдөрү катышышты.

Түрк бизнесмендери Нарын облусунун артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлору жөнүндө презентациялашты. Атап айтканда, эт жана топоздордун жана уйдун этинен эт-өсүмдүк консервалары, сүт азыктары, голландия сыры, дары чөптөр, назик жыты жана ырааттуулугу менен Ат-башы ак балы, минералдык-дарылоочу суу, айыл чарба багытындагы башка продукцияларды Түркияга жеткирип берүүгө Нарын облусунун мүмкүнчүлүктөрү айтылды.

Ошондой эле тегерек столдун жүрүшүндө түрк бизнес-түзүмдөрү менен жергиликтүү бизнес-коомчулуктун тыгыз кызматташуусун өнүктүрүү тууралуу актуалдуу маселелер талкууланды. 

Түркиянын ардактуу консулу Мустафа  Курт Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, Нарын облусунун экологиялык таза продукциясына кызыкдар экенин белгиледи, ошондой эле ушу жылдын июнь айында өз ара кызматташууну мындан ары бекемдөөнү активдештирүү үчүн 40ка жакын бизмендердин келүүсү пландаштырылды.

Мындан тышкары, түрк делегациясы Ат-Башы айылындагы соода-логистикалык борборунун жана “Жанар жана Бек” ЖЧК этти кайра иштетүүчү цехинин курулуш аймагына барды.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу