Өкмөт тарабынан жеңилдетилген салык салууга жаткан преференциалдуу калктуу конуштар аныкталды

Новости
26-Апрель 2019-ж.
5560

2019-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “КР Салык кодексинин 153, 159-1, 213, 315, 330, 344 – беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтому кабыл алынды.

Ушуга байланыштуу КР Экономика министрлиги бардык аймактардагы өнүгүүнүн учурдагы этабында бизнес-ырааттуу өнүгө баштаганын маалымдайт. Региондордо ишкер активдүүлүктүн өсүшүнүн натыйжасында жакырчылыктын деңгээлин кыскартуунун жана калктын кирешесинин өсүшүнүн динамикасы жакшырды. 2012-2013-жылдардын аралыгында гана жалпы жакырчылыктын көрсөткүчү 15тен ашык пайыздык пунктка (41% дан 25,4% га чейин) кыскарган.

Бирок республиканын региондорун өнүктүрүүдө диспропорциялар чечилбеген көйгөй бойдон калууда. Акыркы 10 жылдагы иш жүзүндөгү маалыматтар экономикалык активдүүлүк Бишкек шаарында концентрацияланаарын көрсөтүүдө.

Республикада өнөр жай ишканаларынын 60 % Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймактарында жайгашкан. Бишкек шаарынын РДП салыштырма салмагы ушул мезгил ичинде 33% дан 41% га чейин өстү, башкача айтканда өлкөнүн ИДП дээрлик жарымы борбордо негизинен сооданын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрүнүн өсүшүнүн эсебинен түзүлөт. 

Мында түштүк облустарынын ИДП кошкон салымы 1/3 чейин кыскарды, өлкөнүн ИДП орточо 2/3 бөлүгү Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын эсебинен калыптанат.

Республика боюнча айыл аймактарынын жалпы санынын 82,5% ы дотациялык болуп саналат. Аймактардын бирдей эмес өнүгүшү өлкөнүн ичиндеги, ошондой эле анын чегинен сырткары миграциялык агымдарды көбөйтүп жатат.

Кабыл алынган чечимге ылайык, Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары бардык шаарлары, “өсүү чекити” тарабынан аныкталган калктуу конуштар, республикалык бюджеттен теңдөөчү гранттарды (тарнсферттер) алуучу айыл аймактар, преференциалдуу калктуу конуштар аныкталды.

КР Өкмөтүнүн токтому менен жеңилдетилген салык салууга жаткан өнөр жайлык иштин преференциалык түрлөрүнүн тизмеси бекитилди.

Аталган токтомго ылайык төмөнкү багыттар боюнча өнөр жай ишмердүүлүгүнүн түрлөрү тизмеге киргизилген:

- инновациялык технологияларга негизделген өнөр жай өндүрүшүнүн бардык түрлөрү;

- жеңил жана тамак-аш өнөр жайы;

- электроэнергетика;

айыл чарба продукциясын кайра иштетүү;

- жыйноочу өндүрүш;

- экспортко багытталган ар кандай өндүрүш.

Ушул токтом менен өнөр жай ишинин преференциялык түрлөрүнө кирген, преференциалдык калктуу конуштарда ишканалардын жаңыдан түзүлгөн ишканаларды төмөнкү төлөмдөрдөн бошотуу каралган: 

мүлк салыгынан;

жер салыгынан;

киреше салыгынан;

сатуудан алынуучу салыктан

Преференциялык өнөр жай ишканаларына конкреттүү калктуу конуштун аймагынын чектериндеги салыктар боюнча жеңилдиктерди берүү жөнүндө чечим инвестициялык макулдашуунун негизинде кабыл алынат.

Инвестициялык макулдашуу 2019-жылдын 1-январынан кийин мамлекеттик каттоодон өткөн жаңы өнөр жай ишканалары инвестициялык салымдарды жүзөгө ашыруучу инвесторлор менен преференциалык калктуу конуштун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан 5 жылга түзүлөт, алардын иши өнөр жай иштеринин преференциялык түрлөрүнө карайт.

Преференциалдуу калктуу конуштун иштерин жүзөгө ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун шарттарынын бири, инвестор 5 жыл ичинде жумуш орундарын түзөт, макулдашууда белгиленген көлөмдө өндүрүшкө инвестицияларды камсыз кылат.

Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан кабыл алынган чечимди ишке ашыруу республиканын өнөр жай ишканаларына инвестицияларга түрткү берүү, региондордун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө өбөлгө түзүү жана калктын жашоо турмуш деңгээлин жогорулатууга түрткү берүү күтүлүүдө.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу