Тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндө программалык документтерди даярдоо жөнүндө

Новости
22-Апрель 2019-ж.
4392

2019-жылдын 15-22-апрелинде Help desk  алкагында КР Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун базасында техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу, метрология, менеджмент системасы, шайкештикти баалоо, ЕАЭБ Техникалык регламенттеринин жол-жоболорун түшүндүрүү чөйрөлөрүндө эксперттер жана жетектөөчү адистер кызыкдар тарапка консультация берүүнү улантууда.

Бул жолугушууда төмөнкү маселелер боюнча консультациялар берилди:

- ЕАЭБ аймагында пестициддердин жүгүртүлүшү; 

тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндө программалык документтерди даярдоо жөнүндө;

- КР тарабынан коргоо эскертүүлөрүн колдонуу бөлүгүндө россия өндүрүшүндөгү кагаз салфеткаларга КРнын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан киргизилген тыюу салуулар;

- унду байытуу, санитардык чараларды колдонуунун жана Техникалык жөнгө салуунун катышы, ошондой эле тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы стратегиялар; 

- зыяндуу организмдерге көзөмөл жүргүзүү.

Мындан тышкары, Сүт биримдигинин мүчөлөрү жана сүт бизнесинин башка өкүлдөрү үчүн ЕАЭБ рыногуна сүт продукциясын жүгүртүүгө чыгаруу боюнча окуу куралдарын презентациялоо сунушталды

Жалпысынан алганда, ушул сыяктуу иш-чаралар улуттук экономиканы модернизациялоого, ЕАЭБ рынокторунда жана дүйнөлүк аренада өлкөнүн экспорттук потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Кызыккан суроолорду 62-37-90, 66-22-81 телефондору жана nism@nism.gov.kg электрондук дарек аркылуу берүүгө болот;  

Кабыл алуу күндөрүшаршемби жана жума 16-00 - 18-00 чакан залда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу