Экономика министрлигинин өкүлдөрү Борбордук Азия өлкөлөрүндө сапат стандарттарын алдыга жылдыруу боюнча Улуттук техникалык тобунун аймактык жолугушуусуна катышышты.

Новости
19-Апрель 2019-ж.
4432

Душанбе шаарында (Таджикистан) эл аралык уюмдардын: Hilfswerk International, “Борбордук Азияда соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү” GIZ аймактык программасынын, “Кеңейтилген Европа: Борбордук Азияда соодага көмөктөшүү” ПРООН аймактык программасынын колдоосунда: Борбордук Азия өлкөлөрүндө (Казахстан, Кыргызстан, Таджикистан жана Өзбекстан) сапат стандарттарын алдыга жылдыруу боюнча Улуттук техникалык тобунун (УТТ) биргелешкен аймактык жолугушуусу болду.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн УТТ 2018-жылы Бишкек шаарында бизнес-түзүмдөрүнө багыт алууну эске алуу менен айыл чарба продукциясынын сапатынын стандарттарын алдыга жылдыруу боюнча Борбор Азиялык аймактык топтун 3-жыйынында түзүлгөн.

УТТ курамына төмөнкүлөр кирет: мамлекеттик институттардын өкүлдөрү: стандартташтыруу боюнча органдар, экономика, айыл чарба министрликтери жана аймактын өлкөлөрүндөгү башка ведомстволор, тармактык ассоциациялар, өзүнчө өндүрүүчүлөр жана кайра иштетүүчүлөр, эксперттер. 

УТТ негизги милдети болуп, улуттук, аймактык айыл чарба продукцияларын жеткирип берүүчүлөрдүн кызыкчылыгында БУУ Евразия экономикалык комиссиясынын (БУУ ЕЭК) сапатынын жаңы стандарттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү / иштеп чыгуу, түшүндүрүү жана маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу (түшүндүрүү плакаттар жана брошюралар) боюнча сунуштарды изилдөө жана иштеп чыгуу болуп саналат, ошондой эле өндүрүүчүлөр, сорттоочулар, кайра иштетүүчүлөр жана экспортерлор үчүн маалыматтык сессияларды жүргүзүү. 

Душанбе шаарында иш-чара өткөрүүнүн максаты, жаңы жана кургатылган айыл-чарба продукцияларына иштелип чыккан түшүндүрүү плакаттарын талкуулоо: пияз, курма, кара өрүк, кургатылган кара өрүк, лимон, жүзүм, коон, кургатылган коон, грек жаңгагынын данектери, ошондой эле мындан аркы кызматташуу планын талкуулоо.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар тарабынан башка маселелер да каралды:

- жаңы жана кургатылган айыл чарба продукциялары боюнча сапатынын кемчиликтери боюнча түшүндүрмө материалдарды кароо жана макулдашуу боюнча;

- түшүндүрмө материалдардын жалпы контентинин макулдашуусу, анын ичинде флипчарттар боюнча;

- УТТ мүчөлөрүнүн потенциалын күчөтүү жана аймактык кызматташтыктын кийинки кадамдарын аныктоо үчүн тренингдерди аныктоо.

УТТ жумушчу жолугушуулары аймактагы өлкөлөрдүн УТТнын мындан ары кызматташуу планын макулдашуу жана бекитүү боюнча туруктуу диологду уюштуруу, бир катар түшүндүрмө материалдардын долбоорлорун макулдашуу, андан аркы кадамдарын аныктоо аркылуу айыл чарба продукцияларына эл аралык стандарттарды алдыга жылдыруу чөйрөсүндө аймактык кызматташууга туруктуулук берүүгө багытталат.

УТТ иши бул – аймактык өндүрүүчүлөр, кайра иштеп чыгаруучулар жана экспортерлор тарабынан БУУ ЕЭК коммерциялык стандарттарынын талаптарын түшүнүүнү кеңейтүү, ошондой эле БУУ ЕЭК коммерциялык стандарттарына аймактын өндүрүүчүлөрүнүн кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча кызыкдар тараптардын (мамлекеттик институттар жана бизнес-коомчулук) күч-аракеттерин бириктирүү үчүн аянт.

Кыргыз Республикасы ата мекендик продукциянын чет элдик рынокторго экспорттук потенциалын жогорулатуу үчүн жаңы жана кургатылган жемиштер менен жашылчаларга БУУ ЕЭК айыл чарба сапат стандарттарын пайдаланууга кызыкдар 

Ушуга байланыштуу КР УТТ кара өрүккө, кургатылган кара өрүккө жана грек жаңгагынын данегине БУУ ЕЭК стандарттары менен иштей баштады.

Ошондой эле, аталган жолугушуунун алкагында Тажикстанда Европа Биримдигинин долбоору менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн “Товарлар чыгарылган жерлердин географиялык жайгашуусун көрсөтүү” боюнча эл аралык Конференция өткөрүлгөн. Бул иш-чаранын максаты Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстан үчүн географиялык көрсөткүчтөрдү түзүү жана илгерилетүү боюнча ниеттер жөнүндөгү арыз болуп саналат. Ниеттер жөнүндөгү аталган арыздын катышуучулары бул потенциалды таануу белгиси катары төмөнкүлөрдү чечишти:

- өндүрүүчүлөр менен биргеликте географиялык көрсөткүчтөрдү артыкчылыктарын изилдөө жана мындай артыкчылыктарды ишке ашыруу үчүн институттук мүмкүнчүлүктөрдү түзүү;

- өндүрүш жана кайра иштетүү салттуу ыкмаларын колдонуу менен бирге, азык-түлүктү маркетинг жана брендинг боюнча жерлердин кошумча наркын таануу;

- бул кызматташтык региондун жалпы кызыкчылыктарына, ошондой эле региондук кызматташууну чыңдоого кызмат кыла тургандыгына ишеним билдирүү.

Аймактын өлкөлөрүнүн кызыкдар тараптар БА айыл чарба продукцияларына географиялык көрсөтмөлөрдү жайылтууга карата болгон бирдиктүү ыкмага өз кызыкчылыктарын, географиялык көрсөткүчтөрдү жана салттык өзгөчөлүктөрдү коргоого даяр экендиктерин ырасташты. Ошондой эле региондук жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан сунуштамалардын базасында пилоттук иш-чараларды иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Аталган иш-чараларга Кыргыз Республикасынын атынан Экономика министрлигинин, КР Айыл чарба министрлигинин, Кыргызстандарттын, Кыргызпатенттин өкүлдөрү, ошондой эле бизнес-коомчулуктун, эл аралык долбоорлордун өкүлдөрү жана консультанттар, эксперттер катышты.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу