КР Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги 2012-жылдын январь-июну үчүн республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү боюнча Улуттук статкомдун экспресс-маалыматын келтирди.

Новости
10-Июль 2012-ж.
2652

2012-жылдын январь-июнунда мурдагыдай эле экономикалык өсүштүн темпинин төмөндөшү сакталууда. 2012-жылдын январь-июнунун жыйынтыгы боюнча ички дүң продуктынын көлөмү УСКтин алдын ала баалоосу боюнча 114,9 млрд. сом суммасында түзүлдү жана 2011-жылдын январь-июнундагы 4,9 %дык реалдуу өсүшкө каршы 5,6 %га реалдуу төмөндөдү. Кум-Төр кенин иштеткен ишканаларды эсепке албаганда ИДПнын реалдуу өсүшү 103,9 %ды түздү, 2011-жылдын тиешелүү мезгилинде окшош көрсөткүч 103,7 %ды түзгөн. ИДПнын дефлятору 113,7 %дын деңгээлинде түзүлдү.

ИДПнын көлөмүнүн 5,6 %га төмөндөшү, жылдын башынан тартып өткөн мезгилдердей эле металлургия секторунда өндүрүштүк өнөр жайдын олуттуу кыскарышы менен шартталды.

Экономиканын олуттуу төмөндөшүн кармап туруучу негизги фактор болуп кызмат көрсөтүү сектору болду, анын салымы 2,29 пайыздык пунктка бааланат, ал эми айыл чарбанын жана курулуштун салымы нейтралдуу катары бааланып, 0,87 пайыздык пунктту түздү. өнөр жайдын салымы терс болду жана (-) 8,11 пайыздык пунктту түздү.

Өнөр жайы. 2012-жылдын январь-июнунда өнөр жай өндүрүшүнүн ишканалары тарабынан 53,6 млрд. сом суммасына продукция өндүрүлгөн, мында өндүрүштүн көлөмү 2011-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 31,6 %га төмөндөдү. Кум-Төр кенин иштеткен ишканаларды эсепке албаганда – 36,2 млрд. сом же 8,2 %га реалдуу өстү.

ИДПны өндүрүү структурасында өнөр жайдын салыштырмалуу салмагы 2011-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 8,5 п.п. төмөндөп, 16,6 %ды түздү.

Өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмүнүн олуттуу төмөндөшү кайра иштетүү өнөр жайында өндүрүштүн көлөмүнүн кыскарышы менен шартталды.

Кайра иштетүү өнөр жайында 2012-жылдын январь-июнунда продукцияны өндүрүү көлөмү 38,6 млрд. сомду түздү жана 2011-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу Кум-Төр кенин иштетүүчү ишканаларда продукцияны чыгаруунун олуттуу төмөндөшүнөн улам металлургия өндүрүшүндө көлөмдөрдүн кыскарышынын эсебинен 42,6 %га төмөндөдү, мында накта көлөмдүн индекси 2011-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу бардыгы болуп 40,0 % түздү.

Тоо-кен казуу өнөр жайында 2012-жылдын январь-июнунда продукцияны өндүрүү көлөмү 2,1 млрд. сом суммасында түзүлдү, 2011-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 6,6 %га өстү негизинен, көмүрдү, лигнитти, торфту жана металл рудаларын казуунун эсебинен.

Электр энергиясын, газды жана сууну өндүрүүдө жана бөлүштүрүүдө өткөн айга салыштырмалуу өсүштүн темпинин басаңдашы байкалууда. Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда өндүрүштүн көлөмү 27,5 %га электр энергиясын берүү, 16,5%га керектөөчүлөргө электр энергиясын бөлүштүрүү, 5,5%га электр энергиясын өндүрүү боюнча көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмүнүн өсүшүнөн улам 2011-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 13,0 %га реалдуу өсүш менен 12,9 млрд. сомду түздү.

Айыл чарбасы. 2012-жылдын январь-июнунда республиканын чарбаларынын бардык категориялары менен айыл чарбасынын дүң продукциясы 44,1 млрд.сом суммасында өндүрүлгөн. 2011-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу өсүш темпи 101,2 %ды түздү, анын ичинде мал чарбасы боюнча 101,3 %ды (37,3 млрд. сом), өсүмдүк өстүрүүдө - 100,7 %ды (5,3 млрд. сомду). Экономикалык өсүштүн темпине айыл чарбанын таасири оң болду жана ИДПны түзүүдө салымы 0,13% түздү, ИДПны өндүрүү структурасында 12,9%дык салыштырмалуу салмагы менен.

Курулуш. Курулуш комплексинде капиталдык салымдардын темпинин жогорулашы байкалууда. 2012-жылдын январь-июнунда каржылоонун бардык булактарынын эсебинен негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 18,3 млрд. сомду түздү жана 10,2 %га өстү. Негизги капиталга инвестициялардын өсүшү тоо-кен казуу жана иштетүүчү өнөр жайында жана электр энергиясын, газды, сууну бөлүштүрүү, соода, автоунааларды оңдоо, тиричилик буюмдары жана жеке колдонуу предметтери, айыл чарбасы, жол, билим берүү чөйрөсүндө көлөмдөрдүн жогорулашынын эсебинен болду. Курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 2012-жылдын январь-июнунда 15,6 млрд. сомду түздү, 20,0 %га өстү. ИДПны түзүүдө курулуш секторунун оң салымы 0,53%ды түздү, анын ИДПны өндүрүү структурасында салыштырмалуу салмагы 4,0%.

Кызмат көрсөтүү чөйрөсү. 2012-жылдын январь-июнунда дүң чыгаруу 105,4 млрд. сом суммасында түзүлдү жана 7,7 %га соодада кызмат көрсөтүүнүн, 9,0 %га мейманканалардын жана ресторандардын кызматтары, транспорт жана байланыш- 6,8%га өсүшүнөн улам реалдуу өсүш 4,5 %ды түздү. ИДПда кызмат көрсөтүүнүн оң салымы ИДПны өндүрүү структурасындагы 51,3% салыштырмалуу салмагы менен 2,29 %ды түздү. Кызмат көрсөтүү структурасында 30%жы ээлеген сооданын дүң чыгарылышы 30,7 млрд. сом көлөмүндө түзүлдү, мында өсүш 107,7%ды түздү. 2012-жылдын январь-июнунда сооданын, автоунааларды оңдоонун, тиричилик буюмдарынын жана жеке колдонуу предметтеринин жүгүртүүсү 106,4 млрд. сомду түздү, реалдуу өсүштүн темпи 108,9%ды түздү. Автоунаа транспортунда жүктөрдү ташуунун көлөмүнүн өсүшү жеке ишкерлер тарабынан аткарылган ташуулардын эсебинен шартталды. Транспорттун бардык түрлөрү менен аткарылган жүргүнчүлөрдү ташуу 5,8%га өстү.

2012-жылдын январь-июнунда почта жана электр байланыш кызматынын көлөмү 4,8%га өстү жана 9,5 млрд. сомду түздү.

Мейманканалардын жана ресторандардын кызмат көрсөтүүсүнүн дүң чыгарылышы 4,4 млрд. сомду түздү, реалдуу өсүш темпи 9,0% болду.

Инфляциянын деңгээлинмүнөздөгөн керектөө бааларынын индекси 2012-жылдын июнунда 2011-жылдын декабрына салыштырмалуу 100,9%ды түздү. Инфляциянын орточо жылдык мааниси (2011-жылдын январь-июнуна карата 2012-жылдын январь-июну) 100,9%ды түздү, ал эми 2011-жылдын январь-июнунда 121,4%ды түзгөн.

2012-жылдын январь-июнунда баалардын динамикасын аныктаган негизги фактор болуп (2012-жылдын июнуна % 2011-жылдын декабрына карата) тамак-аш продуктыларына жана алкоголсуз суусундуктарга баалардын төмөндөшү болду, алар жалпы керектөө себетинде негизи үлүштү ээлешет, алар 3,1%га арзандады.

Үстүбүздөгү жылдын 1-жарым жылдыгында инфляциялык процесстердин төмөндөшүнө нан азыктарына жана акшакка карата керектөө бааларынын арзандашы олуттуу таасирин тийгизди, аларга баанын төмөндөшү үстүбүздөгү жылдын башынан 6%га, май жана тоң майга -3,4%га, сүт азыктары, сыр, жумуртка-8,8%га, эт -1,2%га жана жашылчалар-11,7%га төмөндөдү.

Алкоголь жана тамеки продукциясынакарата баалар 3,1%га өстү, анын ичинде алкоголь ичимдиктери- 2,6%га, тамеки буюмдары- 4,5%га.

Азык түлүк эмес товарларга карата баалар 4%га жогорулады, анын ичинде кийим жана бут кийим- 8%га, тиричилик буюмдары-5,6%га, мында күйүүчү-майлоочу материалдарга карата баалар 2,7% төмөндөдү.

Экспорт. 2012-жылдын январь-майында экспорт 636,1 млн. АКШ долларын түздү жана 2011-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 84,9%ды түзүп, кыскарды.

2011-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу январь-майда экспорттун жалпы көлөмүнүн кыскарышы алтындын өндүрүшүнүн төмөндөшүнөн улам, аны ташып жеткирүү 2,3 эсеге кыскарды.

Импорт. 2011-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 2012-жылдын январь-майында республиканын импорттук келип түшүүлөрү 1,4 эсеге өстү жана 1910,8 млн. АКШ долларын түздү, негизинен транспорттук каражаттарды (2 эсеге), минералдык продуктыларды (1,5 эсеге), жана ошондой эле машиналарды, жабдууларды жана механизмдерди (29,2%) ташып келүүнүн эсебинен.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу