Кыргызстан жана КЭР СУАР – экономикалык кызматташтык вектору

Новости
19-Апрель 2019-ж.
2705

Үстүбүздөгү жылдын 18-19-апрелинде Кыргызстанда КЭР СУАР Элдик өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Чжао Цин мырза баштаган Кытай Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун делегациясынын иш сапары жүрүп жатат.

Сапардын максаты – кыргыз-кытай өкмөт аралык комиссиясына алдындагы “Кыргызстан – КЭР СУАР” Координациялык тобунун кезектеги жыйыны. Кыргызстандын атынан аталган топту КР Экономика министри Олег Панкратов жетектейт.

Күн тартибинде – Кыргызстан жана Кытай Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун соода-өнөр жай мамилелерин өнүктүрүүнүн андан аркы келечектерин талкуулоо. Атап айтканда, ветеринария, айыл чарба чөйрөсүндөгү кызматташтык жана бажы “Жашыл коридорун” уюштуруу көңүл борборунда болот.

Кечээ, иш сапардын жүрүшүндө Кытайдан келген коноктор КР бир катар жеңил ишканаларына жана мунай кайра иштетүүчү өнөр жайларына барышты.

Эскертүү, “Кыргызстан – КЭР СУАР” Координациялык тобу 20 жылдан ашуун убакыттан бери өз ишин ийгиликтүү жүргүзүп келет жана быйыл 10-жыйынын өткөрөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу