Кыргызстанда Эт адал паркы долбоорунун техникалык-экономикалык негиздерин (ТЭН) даярдоо үчүн үч тараптуу макулдашууга кол коюлду

Новости
17-Апрель 2019-ж.
4531

КР Ислам өнүктүрүү банкынын башчысынын милдетин аткаруучу, КР Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы Марокко Королдугунун Марракеш шаарында Ислам Өнүктүрүү Банкынын (ИӨБ) тобунун 44-жылдык чогулушуна катышышты. Ошондой эле ИӨБ Президенти Бандар М.Х. менен жолугушуу болду.

Аталган жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасы, Ислам өнүктүрүү банкы, Кыргыз Республикасында Эт адал паркы долбоорунун техникалык-экономикалык негиздерин (ТЭН) даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө жеке секторду өнүктүрүү боюнча Ислам корпорациясынын ортосунда үч тараптуу макулдашууга кол коюу аземи болду.

Аталган Макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасында Эт адал паркы долбоорунун техникалык-экономикалык негиздерин даярдоого техникалык жардам тартуу каралды. ТЭН иштеп чыгууга донорлор Кыргыз Республикасына техникалык жардам алууга 380 000,00 АКШ долл. (үч жүз сексен миң АКШ долл.) ашпаган суммада грант беришет, алардын ичинен:

- ИӨБ тарабынан 280 000,00 АКШ долл. (эки жүз сексен миң АКШ долл.) берилет; 

 - ЖСӨИК тарабынан 100 000,00 АКШ долл. (жүз миң АКШ долл.) берилет.

Ошондой эле, кыргыз тарап долбоорду иштеп чыгууга 50,0 миң АКШ долл. салым кошкондугун белгилеп кетүү керек. Аталган каражаттар талаа изилдөөлөрүнө жана логистикалык чыгымдарга багытталат. 

Долбоор ар түрдүү компоненттерди бириктирген Эт адал паркы үчүн ТЭН каржылоону камтыйт: эт иштетүү боюнча өндүрүштүк-сатуу чынжырынан мал семиртүү үчүн загондорду уюштурууга чейин; ветеринардык кызматтар, бир эле жерде - союу, муздаткыч камералары, тазалоо, кайра иштетүү, таңгактоо.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу