Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине караштуу Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департамент ун жана нан рыногунда бааларды турукташтыруу боюнча кеңешмени өткөрдү.

Новости
06-Июль 2012-ж.
2696

Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине караштуу Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департаментинде ун салдыруу өндүрүшүнүн жана нан бышыруучу өнөр жай ассоциациясынын жетекчилеринин катышуусу менен Ун жана нан рыногунда бааларды турукташтыруу жөнүндө” кеңейтилген кеңешме болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Департаменттин директору Данил Ибраев ун жана нан рыногунда баалардын жогорулашына жол бербеш экендигин белгилеп кетти, анткени калктын негизги катмары үчүн биринчи зарылчылыктагы социалдык маанилүү продукт болуп эсептелет. Учурдагы жагдайда баалардын көтөрүлүшүнө жол бербөө үчүн ун салдыруу өндүрүшү сыяктуу эле нан бышыруучу өнөр жайынын аракеттерин бириктирүү зарыл.

Ун салдыруу өндүрүшүнүн жана нан бышыруучу өнөр жайынын өкүлдөрү жолугушуунун актуалдуулугун белгилеп, кызматташууга даярдыктарын билдиришти. КР Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине караштуу Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департаменти менен нан бышыруу тармагынын өкүлдөрү менен ички рынокту буудай унун жана нан менен жеткиликтүү бааларда камсыз кылуу маселеси боюнча үч тараптуу макулдашууга кол коюу жөнүндө чечим кабыл алында.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу