ББ техникалык регламенттеринин жол-жоболорун түшүндүрүү иштери уланууда

Новости
05-Апрель 2019-ж.
4133

2019-жылдын 27-мартынан 3-апрелине чейин Help desk  алкагында КР ЭМ караштуу СМБ базасында кызыкдар тараптардын бардык кызыккан суроолоруна техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу, метрология, менеджмент системасы, шайкештикти баалоо чөйрөсүнүн жана Бажы бирлигинин техникалык реламенттеринин жол-жоболорун түшүндүрүү боюнча таанымал эксперттер жана жетектөөчү адистер тарабынан консультация берүүлөр уланууда. 

Төмөнкү маселелер боюнча консультациялар көрсөтүлдү:

- зыяндуу организмдерге көзөмөл жүргүзүү. Жолугушуу Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинде өткөрүлдү;

- транс чек аралык жаныбарлардын ооруларын жөнгө салуу;

фитосанитардык чаралар боюнча консультациялар;

- ветеринария;

ветеринардык чарларды көрүү чөйрөсүндөгү инфраструктуралар

ЕАЭБ ошондой эле ДСУнун Макулдашуусунун жол-жобосунун алкагында товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелери.

Жыйынтыгында, бардык ушул кадамдар Кыргызстандын улуттук экономикасын модернизациялоого, экспорттук потенциалын, Квразия экономикалык бирлигинин жана дүйнөлүк аренадагы рынокто өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталат

Суроолор спектри жана консультация алууну каалагандардын саны көбөйгөндүгүн эскерте кетмекчибиз. Суроолорду 62-37-90, 66-22-81 телефондору жана nism@nism.gov.kg электрондук почтасы аркылуу берүүгө болот;  кабыл алуу күндөрү: шаршемби жана жума 16-00 дон 18-00го чейин, чакан залында.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу