КР Бизнес-омбудсмен кызматына талапкерлерди тандоо боюнча сынак жарыяланды

Новости
12-Апрель 2019-ж.
5555

КР Бизнес-омбудсменинин негизги башкаруучу органы болуп саналган, Кыргыз Республикасынын Бизнес-омбудсменинин Байкоочу кеңеши, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) колдоосунда КР Бизнес-омбудсмен кызматына талапкерлерди тандоо боюнча сынак жарыялайт.

“Сиздин Бизнес-омбудсмен кызматына берген арызыңыз Бизнес-омбудсмендин орун басары кызматына да каралат, эгерде сиз каралбасын деп белгилебесеңиз. Бизнес-омбудсмендин орун басары кызматы үчүн юридикалык же экономикалык чөйрөдө тажрыйбанын болуусунан тышкары бардык критерийлер жана чектөөлөр бирдей.”

МИЛДЕТТЕР:

Бизнес-омбудсмен мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдары тарабынан контролдонуучу ишканалардын жана алардын кызмат адамдарынын иш-аракеттеринин же аракетсиздигинин натыйжасында (чечимдерди кошкондо) болжолдонгон коррупциялык аракеттерди жана ишканалардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуулар боюнча даттанууларды карайт.

ӨБӨЛГӨ:

2018-жылдын 31-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 647 көз карандысыз Бизнес-омбудсмен институтун түзүү жана анын иштешинин укуктук чектерин аныктоо жөнүндө токтому чыккан. Бизнес-омбудсмен институту - бул мамлекеттик, муниципалдык органдарга же алар контролдогон уюмдарга карата мыйзамдуу дооматтарда ишкерлердин укуктарын коргоо үчүн түзүлгөн атайы институт.

Бизнес-Омбудсмендин негизги жетектөөчү органы болуп анын Байкоочу кеңеши эсептелет, ал Бизнес-омбудсмендин ишине тиешелүү кыйла маанилүү чечимдерди, анын ичинде Бизнес-омбудсменди жана анын орун басарларын жана дайындоо жөнүндө чечимдерди кабыл алат жана ар бир үч тараптардын – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү; ЕРӨБ кошкондо, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр; жана бизнес-ассоциациялар - бирдей ыйгарым укуктарга ээ. Бизнес-омбудсмен өз ишинде Катчылыкты жетектейт жана ага таянат, анын курамына Бизнес-омбудсмендин эки орун басары жана башка кызматкерлер кирет, аларды Байкоочу кеңеш тиешелүү жоболорго ылайык зарылдыгына жараша ала алат.

ФУНКЦИЯЛАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ:

Бизнес-омбудсмен төмөнкү негизги функцияларга жана милдеттерге ээ

 - ишкердик иштин субъекттеринен мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик сектордогу ишканалар, алардын кызмат адамдары тарабынан ишкерлердин укуктары, эркиндиги жана/же мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулганы боюнча даттанууларын (Катчылыктын жардамы менен) карап чыгат, алар тарабынан контролдонуучу ишканалар жана алардын кызмат адамдарынын, анын ичинен тиешелүү суроо-талаптар жана сунуштар берилет;

ишкердик иштин субъекттеринин каралып жаткан даттануулары боюнча маалыматты чогултат, иштеп чыгат жана системага келтирет;

жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Бизнес-акыйкатчынын веб-сайтында өзүнүн иши жөнүндө мезгилдүү отчётторун, анын ичинде коррупциялык аракеттер, ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана башка мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууга тиешелүү иштерди карап чыгуунун жыйынтыктарын жарыялайт;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Президентине мамлекеттик органдардын коррупциялык аракеттеринен жана/же башка бузууларынан ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарын жөнөтөт;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик сектордогу ишканалар менен Бизнес-акыйкатчыга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумду түзөт;

Катчылыктын ишин, анын ичинен Бизнес-омбудсмендин орун басарларын жетектейт;

Байкоочу кеңешке өзүнүн иши жөнүндө отчётту үзгүлтүксүз берип турат.

БИЛИМДЕР, КӨНДҮМДӨР, ТАЖРЫЙБА ЖАНА КВАЛИФИКАЦИЯ:

Милдеттүү критерийлер:

Талапкер милдеттерин тийиштүү түрдө аткаруу үчүн зарыл болгон билимге, жөндөмгө жана тажрыйбага ээ болууга милдеттүүжогорку билим, чарбалык, коомдук көйгөйлөрдү, мамлекеттик башкаруунун көйгөйлөрүн жана КР ишкердик ишти жүргүзүү менен байланышкан көйгөйлөрдү терең билүү;

Талапкер кынтыксыз кызматтык кадыр-баркка, жогорку моралдык сапаттарга ээ болуусу керек, соттуулугунун жоктугу, коррупциялык чыр-чатактарга жана териштирүүлөргө аралашпаган болушу керек. 

Критерийлер (мүмкүн болсо):

- Бизнестин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо тажрыйбасы;

- Ченемдик-укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө пайдалануу тажрыйбасы;

- Ишкердик иште же бизнес-ассоциацияларда иштөөдөгү тажрыйбасы;

-Мамлекеттик органдар жана бизнес менен өз ара аракеттенүү тажрыйбасы;

Бизнес чөйрөсүндө программалык документтерди/сунуштарды иштеп чыгуу жана ишке ашырууга катышуу;

Ишкердик ишти жөнгө салуу жаатындагы билимдер (анын ичинде монополияга каршы, лицензиялык-уруксат берүү, инвестициялык, тышкы экономикалык, фискалдык, техникалык жөнгө салуу, соода);

Башкаруу тажрыйбасы (анын ичинде натыйжалуу пландаштыруу жана иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу, коюлган милдеттерди чечүү үчүн жаңычылдык ыкмалар);

- Көйгөйлүү/конфликттик кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү, натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү көндүмдөрү;

- Маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо көндүмдөрү; 

- Презентацияларды өткөрүү, эл алдына чыгып сүйлөө тажрыйбасы.

ЧЕКТӨӨЛӨР:

Бизнес-омбудсмен кандайдыр бир кызмат ордун ээлөөгө же Бизнес-омбудсмендин милдеттерин калыс аткаруу принциптерине каршы келген ишкердик же башка иштерди жүргүзүүгө укугу жок, анын ичинде

- Бизнес-омбудсмен мамлекеттик түзүмдөрдө кандайдыр бир шайлануучу же башка бир кызмат орундарын ээлөөгө, мамлекеттик түзүмдөрдө, ишкердик иштин субъекттеринде, ишканаларда, алардын кызматтык милдеттерине байланыштуу аткарылуучу, акы төлөнбөгөн окутуучулук жана илимий иштерден тышкары, мекемелерде жана уюмдарда акы төлөнүүчү же акы төлөнбөөчү кандайдыр-бир жумуштарды аткарууга укугу жок.

- Бизнес-омбудсмен ишкердик иштин субъекттеринин, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана менчиктин түрүнө карабай башка юридикалык жактардын уюштуруучусу боло албайт жана алардын ишине финансылык же кандайдыр бир башкача катыша албайт.

- Бизнес-омбудсмен Кыргыз Республикасында кандайдыр бир саясий партиялардын мүчөсү болууга же ишине башкача катышууга укугу жок.

АРЫЗ БЕРҮҮ:

Бул кызматка талапкерлерди кароо үчүн өз резюмесинин көчүрмөсүн Microsoft Word форматында эмгек акы боюнча күтүүлөрдү кокондо, талапкерлердин жүйөөлөрүн жана квалификациясынын талаптарга ылайыктуулугун баяндоо менен бирге күнү жана колу коюлган коштомо кат менен бирге, дипломдордун көчүрмөлөрү жана үч (03) кесиптик сунуштар Microsoft Word форматында төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүү зарыл: cmallari@sri-executive.com 2019-жылдын 30-апрелине чейинТема сабында APPLICATION FOR 8331 - BUSINESS OMBUDSMAN ЖЕ 8331 ПОЗИЦИЯСЫНА АРЫЗ – БИЗНЕС-ОМБУДСМЕН деп көрсөтүү керек.

Бардык маалыматтар купуя сакталат. Интервьюга квалификациялуу талапкерлер гана чакырылат. Позицияга талапкерди тандоону КР Бизнес-омбудсмендин Байкоочу кеңеши жүргүзөт. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу