КР Экономика жана монополияга каршы министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциясы рыноктордун ишин колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирүү зарылчылыгы жөнүндө маалымдады.

Новости
04-Июль 2012-ж.
2765

Анкеталык сурамдын натыйжасында жарандардын көпчүлүгү рыноктордо колдонулган таразаларга ишенбегенди билинди. Ушуга байланыштуу, жана ошондой эле рыноктордо колдонулган ченөө бирдейлигин мыйзамдардын талаптарына ылайык келтирүү максатында КР Экономика жана монополияга каршы министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциясы Бишкек шаарынын рынокторунун администрацияларына рыноктордун ишин колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирүү зарылдыгы жөнүндө каттарды жөнөттү .

Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 10-августундагы Ченөө бирдейлигин камсыздоо тууралуу” мыйзамынын 5-статьясына ылайык, менчик формасына көз карандысыз юридикалык жактар мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө иштерди аткарууда- метрологиялык кызматтарды түзүшү же ченөө бирдейлигин камсыздоо боюнча башка уюштуруу структураларын түзүшү милдеттүү болуп эсептелет” жана 8-стаьтясына ылайык КР аймагында мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнө караштуу ченөөлөрдү өткөрүүдө, ушул мыйзамда орнотулган тартипте метрологиялык аттестацияны же текшерүүнү өткөн, бекитилген типтеги ченөө каражаттарын колдонушу керек”.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу