КР Алиментариус кодексинин Улуттук байланыш пунктунун процедуралык документтеринин долбоорлору даярдалды

Новости
03-Апрель 2019-ж.
4343

2019-жылдын 29-мартында КР Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология Борборунда (СМБ) КР “Алментариус кодекси” Ведомстволор аралык комиссиясынын 2-жыйыны өткөрүлдү.

Жыйында талкуу боюнча төмөнкү маселелер каралды:

КР Алиментариус кодексинин Улуттук байланыш пунктунун процедуралык документтеринин долбоорлору (5 документтердин долбоорлору); 

КР Алиментариус кодексинин иши боюнча түзүлүүчү сайттардын бөлүмдөрү жана мазмуну.

КР Алиментариус кодексинин Улуттук байланыш пунктунун процедуралык документтеринин долбоорлорун иштеп чыгуу (5 документтердин долбоорлору) 2019-жылга КР “Алментариус кодекси” Ведомстволор аралык комиссиясынын Планына, ошондой эле 2019-жылга КР ЭМ караштуу Стандартташтыру жана метрология Борборунун иш-планына киргизилген. 

Жогоруда аталган Планды аткаруу максатында КР “Алментариус кодекси” Ведомстволор аралык комиссиясы тарабынан КР Алиментариус кодексинин Улуттук байланыш пунктунун процедуралык документтеринин долбоорлору даярдалды.

КР Алиментариус кодекси Ведомстволор аралык комиссиясы, Алиментариус кодексинин методикалык көрсөтмөлөрүнүн кабыл алынган жана колдонуудагы стандарттарын, ченемдерин жана эрежелерин кабыл алуу жана колдонуу, “Алментариус кодекси” Комиссиясы менен өз ара аракеттенүү боюнча министрликтердин, ведомстволордун иштерин координациялоо үчүн жоопкерчиликтүү орган болуп саналат.

КР “Алментариус кодекси” Ведомстволор аралык комиссиянын курамына тамак-аш продукциясынын сапаты жана коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү мамлекеттик органдар кирет: Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, КР ЭМ Стандартташтыруу жана метрология боюнча Борбору (КР Алиментариус кодексинин Улуттук байланыш пункту), тамак-аш продукциясын керектөөчүлөр жана өндүрүүчүлөр, стандартташтыруу боюнча ТС, ошондой эле илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрү.

КР “Алментариус кодекси” Ведомстволор аралык комиссиясы тарабынан Алиментариус Кодексинин Комиссиясынын Катчылыгынын сунушун эске алуу менен КР Алиментариус кодексинин Улуттук байланыш пунктунун процедуралык документтеринин долбоорлору даярдалды. Иштелип чыккан процедуралык документтердин долбоорлору Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнө алдын-ала кароого жиберилген. 

Жыйында жогоруда аталган КР “Алиментариус кодекси” Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнө талкууга киргизилген, анда пункттары боюнча ар бир процедуралык документ деталдуу талкууланган. 

Процедуралык документтердин аталган долбоорлору Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен иштелип чыккан.

КР “Алментариус кодекси” Ведомстволор аралык комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан Алиментариус кодексинин Улуттук байланыш пунктунун процедуралык документтеринин долбоорлорун даярдоо боюнча маанилүү иштерди жүргүзүү белгиленген, алар Комиссиянын Катчылыгынын талаптарына жана сунуштамаларына шайкеш келтирилген. 

Кабыл алынган бул процедуралык документтер төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

- КР Алиментариус кодексинин (СМБ) Улуттук байланыш пунктунун ишин тартипке келтирүүгө, жакшыртууга жана системалаштырууга;

- ведомстволор аралык жана секторлор аралык өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга, КР Алиментариус кодексинин Улуттук байланыш пунктунун жана жоопкерчиликтүү министрликтердин жана ведомстволордун ортосундагы өз ара байланышты бекемдөөгө;

- бардык ыйгарым укуктуу мамлекеттик түзүмдөрдү – минстрликтерди жана ведомстволорду (ССМ, АЧТММ, ВФКМИ), тамак-аш продукциянын коопсуздугу маселелери боюнча Алиментариус кодексинин Комиссиясынын иштери үчүн жооптууларды Алиментариус кодекси боюнча иштерге тартууга көмөк көрсөтүүгө;

- Алиментариус кодексинин Комиссиясынын ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатат, анын ичинен, Кодекстин документтерин натыйжалуу кароо жана Алиментариус кодекс Комиссиясынын иштелип чыгуучу документтеринин долбоорлору боюнча улуттук позицияны түзүүгө;

- эл аралык стандарттарды, ченемдерди жана эрежелерди, КР Алиментариус кодексинин методикалык көрсөтмөлөрүн колдонууга көмөк көрсөтүүгө.

Мындан тышкары, жыйында КР Алиментариус кодексинин иши боюнча түзүүлүчү сайттын бөлүмдөрү жана мазмуну каралды, ошондой эле ал, 2019-жылга КР “Алиментариус кодекси” Ведомстволор аралык комиссиясынын Планында каралган. 

Сайттын түзүмү КР Алиментариус кодексинин иши боюнча бардык зарыл маалыматтарды камтыйт, анын ичинде:

- КР кодексинин байланыш пункту жана пландарын, отчетторун кошкондо, КР Алиментариус кодексинин Ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө маалымат;

- КР жооптуу мамлекеттик органдарынын (КР ССМ, АЧТММ, ВФКМИ) ыйгарым укуктары;

Кодекстин стандарттары, методикалык көрсөтмөлөрү, ченемдери жана эрежелери, МБД;

Кодекстин алкагында иштелип чыккан улуттук стандарттар (10 стандарттар);

КР аймактарында кабыл алынган Алиментариус кодексинин стандарттары; 

КР Кодекси боюнча процедуралык документтер;

Кодекстин каралуучу документтери;

Кодекстин Комитеттери КР үчүн артыкчылыктуу документтердин долбоорлору;

Кодекс боюнча КР өткөрүлгөн иш-чаралар.

- жаңылыктар, семинарлар, жолугушуулар ж.б Кодекстин көптөгөн маалыматтары, материалдары, документтери, стандарттары, алар бизнес-түзүмдөр, маморгандар, илимий чөйрөлөр, стандартташтыруу, уюмдар жана ишканалар боюнча ТС кошкондо бардык кызыкдар тараптар үчүн жеткиликтүү.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу