Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жыйынынын жыйынтыктары

Новости
02-Апрель 2019-ж.
4884

2019-жылдын 29-мартында, КР вице-премьер-министри Жеңиш Разаков баштаган кыргыз делегациясы Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин (мындан ары - ЕЭК) кезектеги жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин атынан министрдин орун басары    – Эльдар Алишеров катышты.

Аталган иш-чара Москва шаарында Армения Республикасынын вице-премьер-министри Мгер Григоряндын төрагалыгында болуп өттү. 

Күн тартибинде 46 маселе, анын ичинен интеграциялоо, соода, мүчө-мамлекеттердин экономикасын санариптештирүү, Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары – ЕАЭБ, Кеңеш) ички рыногунун алкагында тоскоолдуктарды жоюу, өнөр жай кооперациясын, энергетика, бажылык жана техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды көрүү жана башка бир катар маселелер каралды.

Жыйындын жыйынтыгында ЕАЭБ ченемдик актыларын, ЕАЭБ жалпы финансылык рыногун түзүү Концепциясын аткаруу, Египет, Сербия жана Израиль менен эркин соода зонасы жөнүндө ЕАЭБ макулдашууну бекитүү боюнча сүйлөшүүлөр боюнча № 72 Жогорку кеңешинин чечимин ишке ашыруу боюнча иштин жүрүшү жөнүндө Комиссиянын маалыматы угулду, анын жыйынтыгы боюнча Кеңештин мүчөлөрү тарабынан бир катар тапшырмалар кабыл алынды.

Ошондой эле Кенештин мүчөлөрү тарабынан 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндө Келишимге кол коюлганына 5 жыл толгондугуна байланыштуу Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мүчөлөрүнүн биргелешкен билдирүүсүнүн долбоору талкууланды 

Кеңештин жыйынынын алкагында төмөнкү долбоорлор жактырылды:

- “ЕАЭБ алкагында кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым секторлору боюнча либералдаштыруу пландарын ишке ашыруу жөнүндө” жана “ЕАЭБ өнөр жай саясаты боюнча Кеңеш жөнүндө” Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин буйругу;

- “Армения Республикасынын аткаруу бийлик органдарынын чарбакер субъекттери менен Россия Федерациясынын жана чарбакер субъекттердин Россия Федерациясынын аткаруу бийлигинин органдары жана Армения Республикасынын аткаруу бийлигинин органдары менен Россия Федерациясынын чарбакер субъекттеринин маалыматтык өз ара аракеттенүүдө электрондук санариптик кол тамганын (электрондук кол тамга) улуттук криптографиялык стандарттарын пайдалануу жөнүндө” жана “Тышкы экономикалык ишти жөнгө салуу системасында “бирдиктүү терезе” улуттук механизминин эталондук моделин сыпаттоо жөнүндө” Евразия өкмөт аралык кеңешинин чечими; 

- “Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногун түзүү алкагында Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттери тарабынан тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштердин жүрүшү тууралуу”, “2018-жылы Евразия экономикалык комиссиясынын чечим долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоо мониторинги жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын жылдык отчету тууралуу” Евразия өкмөт аралык кеңешинин буйругу,

ЕЭК Кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында төмөнкүлөр кабыл алынды:

- ЕЭК Кеңешинин буйругу, ага ылайык, ички мамлекеттик процедураларды жүргүзүү үчүн ЕАЭБ мүчө-мамлекеттерине аны жөнөтүү максатында, “Үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соодада техникалык тоскоолдуктарды четтетүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө макулдашуу” долбоору жактырылган;

“Атайын бажы жол-жобосу белгилениши мүмкүн болгон товарлардын категорияларынын тизмесине жана аларды мындай бажы жол-жобосуна жайгаштыруунун шарттарына жана 2019-жылы II Европа оюндарын уюштуруу жана өткөрүү максатында товарларды алып келүүнүн (ташуу) айрым маселелерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” ЕЭК кеңешинин чечими

- ЕЭК Кеңешинин буйругу, ага ылайык, 2019-жылдын 25-27-сентябрында Кыргыз Республикасында (Бишке ш.) “Евразия жумалыгы” көргөзмө форум өтөт;

Евразия экономикалык биримдигин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” медалы менен сыйлоо аземин уюштуруу маселелери жөнүндө” ЕЭК Кеңешинин чечими.

ЕЭК Кеңешинин чечими менен “Евразия экономикалык биримдигин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” медалынын эскиздери, бул медалга карата күбөлүктүн эскиздери бекитилди, ошондой эле ЕАЭБ өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон, жарандарды сыйлоо үчүн “Евразия экономикалык биримдигин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” медалдарынын саны аныкталды. 

- ЕАЭБ бажы чек арасында жана бажы аймактарында карантиндик продукцияларга жана объекттерге берилүүчү Бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарга өзгөртүү киргизүүчү, ЕЭК Кеңешинин чечими;

ЕАЭБ техникалык регламенттерин жана Бажы бирлигинин техникалык регламентинин, анын ичинен, “Парфюмердик-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө” Бажы биримдигинин техникалык регламентин иштеп чыгуунун планынын II бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүчү ЕЭК Кеңешинин чечими; 

- Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында ветеринардык контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруунун бирдиктүү тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүү киргизүүчү ЕЭК Кеңешинин чечими;

- 2019-жылдын август айында Казан шаарында “Ворлдскиллс” стандарттары боюнча кесиптик чеберчилиги боюнча дүйнөлүк чемпионатты Россия Федерациясынын аймагында өткөрүү жана уюштуруу менен байланышкан, ЕЭК Кеңешинин чечими.

Ошондой эле, Кеңештин мүчөлөрү тарабынан Евразия өкмөт аралык кеңешинин жыйынынын күн тартиби бекитилди, ал 2019-жылдын 30-апрелине пландалган (Ереван ш.).

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу