Экономика министрлигинин адистери тамак-аш азыктарын жеткирүүчүлөр менен болгон жолугушууда 2021-жылга чейин колдонулуучу мораторийлердин ченемдерин түшүндүрүштү

Новости
01-Апрель 2019-ж.
5919

2019-жылдын 28-мартында, Бишкекте, мораторийдин максаттары жана милдеттери жөнүндө бизнес коомчулук арасында кеңири чагылдыруу максатында, КР Экономика министрлигинин адистеринин жана “Народный”, “Globus” Соода үйлөрү үчүн тамак-аш азыктарын жеткирүүчүлөрдүн катышуусунда тегерек стол болуп өттү:

- “Союз продукт” – кант өндүрүү;

- “Ак-Суу” ЖЧК – жумуртка өндүрүү; 

- “Дали” ЖЧК – сүт азыктарын өндүрүү; 

- “Бишкек Сүт” ЖЧК - сүт азыктарын өндүрүү; 

- “Кант Сүт” ЖЧК - сүт азыктарын өндүрүү;

Бона Фиш” – балык азыктарын өндүрүү;

Вичунай - балык азыктарын өндүрүү;

Бай Элим компани  консерва жана май өндүрүү;

Промидемс” ЖЧКФея маури- консервалар;

Медовая АртельФилатов Петр” – бал өндүрүү;

Юви Трейд – тез даярдалуучу кесме өндүрүү

- “Орими” ЖЧК – чай жана кофе өндүрүү;

Коммунарка - чай жана кофе өндүрүү;

Дилан Трейд - чай жана кофе өндүрүү

Яшар – ун азыктарын өндүрүү (акшактар, макарондорундар);

Нумен Сервис” ЖЧК - ун азыктарын өндүрүү (акшактар, макарондорундар);

Кронатрейд - ун азыктарын өндүрүү (акшактар, макарондорундар);

Алматинские конфеты” - кондитер азыктарын өндүрүү;

Куликовский торт” - кондитер азыктарын өндүрүү;

Азо Элита” - кондитер азыктарын өндүрүү;

Арто Трейд” - кондитер азыктарын өндүрүү;

- Баянбеков Нурдин МИ - кондитер азыктарын өндүрүү;

“ДОС ЛТД” - кондитер азыктарын өндүрүү;

Золотой колос” - кондитер азыктарын өндүрүү;

КВД” - кондитер азыктарын өндүрүү;

М.И Компани” - кондитер азыктарын өндүрүү;

Рустель” - кондитер азыктарын өндүрүү;

Сласть ТД” - кондитер азыктарын өндүрүү;

Риха” ЖЧК - колбаса азыктарын өндүрүү;

Нуристан” ЖЧК - колбаса азыктарын өндүрүү; 

Адал-Азык” ЖЧК - колбаса азыктарын өндүрүү;  

Салих” ЖЧК - колбаса азыктарын өндүрүү.

Жолугушуунун жүрүшүндө КР ЭМ Техникалык жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги Бакыт Шабданов жана КР ЭМ Аймактар аралык башкармалыгынын, соода, ишкердикти, текшерүүлөрдү жана инвестицияларды контролдоо бөлүмүнүн башчысы Улан Сопукеев, 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирип, 2021-жылдын 1-январына чейин колдонулуучу мораторийдин ченемдерин түшүндүрүштү. 

Ошентип, мораторий он мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү ишкердик субъекттерин текшерүүгө тийиштүү, мисалы:

Социалдык фонд;

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги;

Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги;

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы;

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы;

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы;

Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти;

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздоо департаменти;


Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти;

Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукциянын өндүрүүсүн жана жүгүртүүсүн жөнгө салуу жана контролдоо башкармалыгы

У. Сопукеевдин айтымында, КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объекттеринин тизмесине киргизилген энергетика тармагынын ишкердик субъекттеринин Экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча ЭТКМИ үчүн өзгөчө учурлар бар. Кененирээк КР Экономика министрлигинин proverka.gov.kg расмий сайтынан таанышууга болот.

Б.Шабданов өз кезегинде, КР Евразия экономикалык биримдигине кошулганы техникалык жөнгө салуу системасын өнүктүрүүнүн жаңы этабы башталганын маалымдады. Техникалык жөнгө салуу Бажы бирлигинде интеграциянын базалык элементи болуп саналат.

Бажы бирлигинин техникалык регламенттериндеги продукцияларга карата бирдиктүү милдеттүү талаптарды белгилөө биринчи даражадагы милдет болуп саналат, аны чечүү товарлардын эркин жүрүүсүн камсыз кылат.

ББ техникалык регламенти ЕАЭБ беш мүчө-мамлекеттеринин аймактарында түздөн-түз колдонулат. 

ЕАЭБ алкагында ЕАЭБ/ББ 47 техникалык регламенттер кабыл алынган, КР аймагында ЕАЭБ/ББ 40 техникалык регламенттери күчүнө кирди. ЕАЭБ техникалык регламенттердин 16 долбоору боюнча иштер жүргүзулүүдө.

Алар күчүнө кирген учурда улуттук техникалык регламенттер колдонулбайт. Продукцияны чыгаруунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы бул: шайкештикти баалоонун бирдиктүү документтерин жана продукцияны жүгүртүүнүн бирдиктүү белгисин колдонуу.

ЕАЭБ шайкештигин баалоо боюнча аккредиттелген органдардын Бирдиктүү рээстрине төмөнкүлөр киргизилген:

- 34 аккредиттелген сыноо лабораториялары;

сертификациялоо боюнча 14 аккредиттелген орган.

Ошондой эле тамак-аш продукцияларын маркалоо бөлүгүндө (ББ ТР 022/2011), тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө (ББ ТР 021/2011) техникалык регламенттердин талаптары боюнча түшүндүрмөлөр берилген.

Жыйынтыгында экономиканын бардык тармактарына иш жүзүндө жайылтылуучу 40 ББ ТР: жабдуулардын приборлорунун иш коопсуздугун камсыздоо, курулуш, имараттарды жана курулмаларды, курулуш багытындагы продукциянын коопсуздугун камсыздоо бөлүгүндө тамак-аш, жеңил, химиялык, оор машина куруу, электро магниттик шайкештиги.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу