Кыргызстан жана Башкортостан өз ара товар жүгүртүүнү жогорулатуу жөнүндө макулдашышты

Новости
28-Март 2019-ж.
4521

Бүгүн 2019-жылдын, 28-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика министри Олег Панкратов жана Россия-Кыргыз аймактар аралык 8-конференцияга катышуучу, Башкортостан Республикасынын башчысынын м.у.а. Радия Хабирова баштаган Башкортостан Республикасынын делегациясынын жолугушуусу болду.

Тараптар жолугушуунун жүрүшүндө, эки тараптуу экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, министр, өз ара товар жүгүртүүнү жогорулатуудагы оң тенденцияларды, ошондой эле Кыргыз Республикасына Россия Федерациясынан чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымын белгиледи.

Ошондой эле Тараптар, кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Башкортостан Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык, экологиялык, гуманитардык, маданий кызматташуу жөнүндө Макулдашууну ишке ашыруу үчүн Жол картасын иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча мындан аркы чараларды талкуулашты. 

Өз кезегинде Башкортостан Республикасынын башчысы министрди ушу жылдын 14-15-июнунда өтө турган Бүткүл россиялык “Зауралье-2019” инвестициялык сабантуйга катышууга чакырды.

Жыйынтыгында, Тараптар өз ара товар жүгүртүүнү жогорулатуу жана өз ара пайдалуу эки тараптуу долбоорлорго активдүү катышуу зарылдыгы жөнүндө макулдашышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу