Таджикистандын делегациясы Кыргызстанда тышкы соода үчүн “Бирдиктүү терезени” ишке киргизүү тажрыйбасын үйрөнүп жатышат.

Новости
02-Июль 2012-ж.
2845

Тышкы соода үчүн Бирдиктүү терезе” системасын ишке киргизүү тажрыйбасын үйрөнүү үчүн 2012-жылдын 2-июлунда Таджикистандан Ведомстволор аралык комиссия Бишкек шаарына келишти. Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине караштуу тышкы соода үчүн бирдиктүү терезе” Борбору” Мамлекеттик ишканасы тозуп алды.

Таджикистандан келген делегация тышкы соода иш – аракеттерин жүргүзүүгө уруксаат берүүчү мамлекеттик ведомстволордун кызматкерлеринен, ошондой эле Таджикистандын Бирдиктүү терезе борбору” Мамлекеттик Унитардык Ишканасынын кызматкерлеринен турду.

Визиттин жүрүшүндө семинардын катышуучулары Тышкы соода үчүн бирдиктүү терезе” Борбору” Мамлекеттик ишканасынын иштөө тажрыйбаларын жана ыкмаларын үйрөнүштү.

Ошондой эле, Таджикистандан келгендер Кыргызстандын бирдиктүү терезе” маалыматтык системасы менен да таанышып чыгышты. Тышкы соода үчүн бирдиктүү терезе” Борбору” Мамлекеттик ишканасы тарабынан атайын мисалдар да көрсөтүлдү.

Бирдиктүү терезе борбору” Мамлекеттик ишканасынын негизги максаты болуп –бажылык тариздөө үчүн зарыл болгон документтерди даярдоодо башкаруу жол-жоболорун оптималдаштыруу саналат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу