КР Экономика жана монополияга каршы министрлигине караштуу Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департамент оңдоолорду киргизүүнү талап кылган акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарды макулдашуу жол-жобосу.

Новости
01-Июль 2012-ж.
2808

Акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарды макулдашуу жол-жобосу оңдоолорду киргизүүнү талап кылат. Атап айтканда, монополияга каршы органы менен билим берүү мекемесинин ортосунда жемиштүү кызматташууну куруунун зарылдыгы жана сунуш кылынуучу материалдарды кыскартуунун, макулдашуу мөөнөттөрүн тездетүү сыяктуу. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине караштуу Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департаменттин директору Данил Ибраев, КР Экономика жана монополияга каршы министрлигинде болуп өткөн республиканын билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү менен акы төлөнүүчү кызматтарды жөнгө салуу бөлүмүнүн кызматчыларынын катышуусу менен өткөн Акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарына карата тарифтер: учурдагы көйгөйлөр жана макулдашуу процессин тездетүү” темасындагы тегерек столдо билдирди.

Иш чаранын жүрүшүндө профессордук-окутуучу курамдын айлык акыларына карата кошумчалардын жана төлөмдөрдүн жөндүүлүгү; КР акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарына тарифтерди (бааларды) түзүүнүн методикасы жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жана макулдашуу үчүн керектүү документтердин тизмесин кыскартуу сыяктуу маселелер талкууланды.

Тегерек столдун” акырында акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарынын наркын макулдашуу процесстерин өркүндөтүү боюнча өз ара түшүнүшү жетишилди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу