Аялдар жана жаштар тарабынан бизнес жүргүзүүдөгү тоскоолдуктар жөнүндө

Новости
25-Март 2019-ж.
5042

Ушул жылдын 18-20-мартында Экономика министрлигине караштуу Региондор аралык башкармалыгы “Атаандаштык ишкана” USAID долбоорунун улуттук эксперттери менен биргеликте Ош жана Жалал-Абад шаарларында чакан жана орто бизнес субъекттеринин жетекчилери болуп саналган аялдар жана жаштар менен фокус-топторду жана терең маек өткөрүштү. Бул иш-чаралар Ош жана Жалал-Абад облустарынын мамлекеттик администрациясы тарабынан колдоого алынган.


Өткөрүлгөн жолугушуулардын негизги максаты – аялдардын жана жаштардын өкүлдөрүн тартуу менен экономикалык секторлорду жана географиялык кластерлерди табуу, бизнес-кызмат көрсөтүүлөрдү потенциалдуу берүүчүлөрдү аныктоо, экономикалык иштин түрү боюнча карта түзүү, аларды жайгаштыруу, көйгөйлөрдүн тегерегин аныктоо ж.б.

Катышуучулар: КР ЭМ караштуу Региондор аралык башкармалыгынын бөлүм башчылары (Т. Турдубеков, С. Төлөнов, С. Багышев), жергиликтүү бийлик органдарынын экономикалык бөлүгүнүн кызматкерлери, аялдар жана жаштар, ишкерлер, ишкердикти колдоо боюнча Борборлор, ошондой эле, аталган региондордо бизнести өнүктүрүү жана алдыга жылдырууга көмөк көрсөтүүчү уюмдар.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар (көпчүлүгү аял-ишкерлер) аялдар жана жаштар тарабынан бизнес жүргүзүүдөгү белгилүү бир тоскоолдуктарды түзүүчү учурдагы кырдаалдарды жана көйгөйлөрдү талкуулашты. Алар көбүнчө тышкы жана ички миграция бар болгон үчүн кесипкөй кадрлардын жоктугун белгилешти.

Мындан тышкары, ишкерлердин көп бөлүгү бизнес-пландоо, маркетинг жана башка экономикалык багыт боюнча билим жана тажрыйба деңгээли жетишсиз. Жер-жерлерде IT-технологиясы активдүү колдонулбайт.

Буга карабастан, аталган региондордо жеке өз бизнесин ачууну же бар бизнесин кеңейтүүнү каалагандарга аялдардын жана жаштардын мүмкүнчүлүгү бар жана активдүүлүгү күчөйт.

Чакан жана орто бизнеси бар аялдар жана жаштар менен ушундай фокус-топтор жана маектер Баткен, Нарын жана Чүй облустарында өткөрүү пландалууда.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу