Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинде министр Темир Сариевдин Дүйнөлүк банктын миссиясы менен Өнүктүрүү саясатын колдоо боюнча операциялардын (ӨСКО) сериясы аркылуу бюджетке жардам көрсөтүү боюнча программаны даярдо

Новости
18-Июнь 2012-ж.
2648



Жолугушууда тараптар жалпы суммасы 90,0 млн. АКШ доллары болгон 20122014-жылдарга Өнүктүрүү жаатында саясатты колдоо максаттарына карата операциялар” иш чаралар матрицасында каралган чараларды ишке ашырууда КР Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги менен ӨСКО миссиясынын тыкыз өз ара аракеттенүү маселесин талкуулашты. Ар бир ӨСКО 30,0 млн. АКШ доллары өлчөмүндө бирдиктүү транш менен ишке ашырылат (анын ичинен 16,5 млн. АКШ доллары кредиттик жардам жана 13,5 млн. АКШ доллары гранттык жардам).


Инвестициялардын атаандаштыкка туруктуулугун жана жагымдуулугун жогорулатуу үчүн, жеке сектор үчүн юридикалык жактарды каттоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилет.


Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинде ишканаларды текшерүүнүн маалыматтар базасынын жана тобокелдиктерди баалоонун негизинде текшерүүлөрдү координациялоо үчүн модуль иштелип чыгарылат.


Жолугушуунун натыйжасында катышуучулар ӨСКО иш чараларын өз убагында жана натыйжалуу ишке ашыруу үчүн бардык аракеттерди көрөрүн макулдашышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу