Кыргыз Республикасында баалоо ишинин субъекттеринин реестрин түзүү жөнүндө

Новости
14-Март 2019-ж.
4330

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы “Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун алкагында, Кыргыз Республикасында субъекттер тарабынан берилген баалоо ишинин маалыматтарынын негизинде Кыргызстанда баалоо ишинин субъекттеринин реестрин түзүү боюнча функциялар Экономика министрлигине жүктөлгөн.

Ушуга байланыштуу, Экономика министрлиги КР баалоо ишине кызыкдар субъекттерди кагаз жана электрондук түрдө тиешелүү формада арыз берүүсүн өтүнөт.

Электрондук арыз төмөнкү электрондук дарек боюнча толтурулууга тийиш: http://rsod.mineconom.gov.kg (юридикалык жактар үчүн арыз/жеке жактар үчүн арыз), ал эми кагаз түрүндө толтурулган арыздар төмөнкү дарекке жөнөтүлөт: Чүй пр. 106, 201-каб.

Кыргыз Республикасында баалоо ишинин субъекттеринин реестрине кошулуу ыктыярдуу жана кайтарымсыз негизде КР баалоо ишинин субъекттеринин арыздары боюнча ишке ашырылат. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу