Экономика министрлиги Бизнес менен мамлекеттин ортосундагы соттон тышкаркы жана сотко чейинки талаштарды чечүү демилгесине колдоо көрсөтүүнү улантат

Новости
14-Март 2019-ж.
4495

Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров соттук териштирүүгө, талаптарды сактоодо жана соттун чечимине мамлекеттик органдардын катышуу маселеси боюнча тегерек столдун жүрүшүндө маалымдады.

Э. Абакиров белгилегендей, ишкердикти ийгиликтүү өнүктүрүүдөгү маанилүү фактор болуп алардын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсү, тактап айтканда мамлекеттик органдар тарабынан тийиштүү өз милдеттерин аткаруу жана ишкердик субъекттердин пайдасына чечилген чечимдер саналат. Бирок, көп учурда иш жүзүндө ишкердик субъекттер менен мамлекеттик органдардын ортосунда пикир келишпестик жана талаш-тартыштар келип чыгат, алар кийин сот тартибинде чечилет. 

2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында көз карандысыз адилеттүү сот системасын орнотуу киргизилген, ал адамды жана анын мыйзамдуу укуктарын коргоону камсыздоону камтыйт жана бизнести өнүктүрүү үчүн региондо мыкты шарттарды түзүү менен меничиктин кол тийбестигине кепилдик берет. Соттук коргоо жеткиликтүү, ал эми система ачык-айкын болот.

Ошондой эле, акыркы жылдары КР сот системасын кайра түзүү жана жакшыртуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Ишкерлер менен мамлекеттик органдардын ортосундагы талаштарды чечүүнүн альтернативдүү процессин киргизүү максатында, Экономика министрлиги бизнес-коомчулугу менен биргеликте, Соода-өнөр жай палатасы жана Эл аралык бейтарап сот тарабынан “Бейтарап соттор жөнүндө” жана “Инвестициялар жөнүндө” КР Мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыккан, ага ылайык КР Бейтарап сотторуна ушу сыяктуу талаштарды кароого мүмкүнчүлүк берилет. Азыркы учурда аталган мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн Аппаратына кароого жөнөтүлгөн.

Аталган Мыйзам долбооруна ылайык, мамлекет Кыргызстандын экономикасынын инвестору деп чет өлкөлүк гана эмес ата мекендик бизнесмендерди да тааныйт. Медиация институттарынын жана бейтарап соттун жардамы менен бизнес менен мамлекеттин ортосундагы талаштарды мамлекеттик сотко кайрылуунун ордуна же ага чейин чечүүгө мүмкүндүк берет. Бул нерселердин баары чыр-чатак маселелерин адилеттүү жана ачык-айкын чечүү мүмкүнчүлүгүн гана жогорулатпастан, териштирүү жол-жоболорун да жеңилдетет жана тездетет. 

Эскерте кетсек, бейтарап соттор өз алдынча жана көз карандысыз иштейт – алар эч бир мамлекеттик органдарга баш ийбейт. Медиация чатакташкан тараптардын ортосундагы талаштарды сотко кайрылбастан чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. 

Тегерек столдун алкагында Юридикалык коомчулук жана Кыргызстандын бизнес өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөтүлдү. Атап айтканда, мамлекеттик органдардын практикасына жана алардын сот процесстерине катышуусу жана сот актыларын аткаруусуна талдоо жүргүзүлдү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу