Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы кызматташууда жогорку экономикалык потенциал бар

Новости
12-Март 2019-ж.
4725

Бул тууралуу бүгүн, 2019-жылдын 12-мартында британия компанияларынын делегациясынын, мамлекеттик органдардын, Бишкектеги бизнес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өткөн, Кыргыз Британиялык Бизнес Форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдин Шаршеев билдирди. 

Анын айтымында аталган бизнес форум эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү маселелерин талкуулоо боюнча платформа болуп саналат. Атап айтканда, билим берүү, бизнес жана финансы, инвестиция, инфраструктура, туризм, медиа жана IT жаатында өз ара пайдалуу өнөктөштүк мамилелерди түзүү.

Бул контекстте А. Шаршеев, Улуу Британия Кыргыз Республикасынын эл аралык инвесторлордун ичинен эң маанилүү орду бар экендигин белгиледи.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кошулганы экономиканы жана республикага инвесторлорду тартууну өнүктүрүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүк ачылгандыгын билдирди. ЕАЭБга кошулуу Кыргыз Республикасы жана анын өнөктөштөрү үчүн ЕАЭБнын 180 млн. ашык калкы бар 5 мүчө-өлкөлөрүнүн рыногунда товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана капиталды жүргүзүү жолундагы тоскоолдуктар жоюлду. 

Жыйынтыгында А. Шаршеев Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосунда жогорку экономикалык кызматташуунун потенциалы бар жана биздин эки тараптуу мамилелер туруктуу өнүгүүдө жана стратегиялык өнөктөштүк мүнөзгө ээ экендигин белгиледи. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин атынан уюштуруучуларга, бул форумга катышкандыгы үчүн КР Улуу Британия элчилигине, Улуу Британиянын ишкер чөйрөсүнө ыраазычылык билдирди. 

Маалымат үчүн: 

2018-жылы Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын ортосундагы жүгүртүү 681 млн. АКШ долл. түзгөн, анын ичинен – 670 млн. АКШ долл. (алтын, баалуу металл), 11 млн. АКШ долл. (учуучу аппараттар, машиналар, сааттар ж.б.).

2018-жылдын товар жүгүртүү көлөмү (670 млн. АКШ долл.) 2017-жылга салыштырганда 231% өскөн (205,8 млн. АКШ долл.). 

2018-жыл үчүн Улуу Британиядан келип түшкөн түз чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 27 858,1 миң АКШ долл. Акыркы 5 жыл үчүн инвестицияларды салуу үчүн экономикалык иштин кыйла артыкчылыктуу түрлөрү болуп кесиптик, илимий жана техникалык иштерди (62,7%) жана кыймылсыз мүлк менен операциялар, ижара жана ишкерлерге кызмат көрсөтүүлөрдү берүү (35, 0%) эсептелген.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу