Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри Кыргызстандагы Кореянын элчиси менен болгон жолугушуусунда кызматташтыкты мындан ары чыңдоо маселесин талкуулады.

Новости
15-Июнь 2012-ж.
2853

Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев Кыргыз Республикасындагы Корея Республикасынын Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ким Чанг Гю мырза менен жолугушуусунда соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү зарылдыгы жөнүндө белгилеп кетти жана кыргыз-корея кызматташуусун чыңдоо үмүтүн билдирди.

Атап айтканда, жакынкы арада эки жолку салык салууну жокко чыгаруу жана кирешеге жана капиталга салыктарга карата салыктарды төлөөдөн баш тартууну алдын алууну сунуштады. Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-октябрындагы буйругу менен жактырылган жана кол коюуга даяр.

Ошондой эле министри Т.Сариев кыргыз инфраструктурасына, маалыматтык жана курулуш долбоорлоруна Кореядан түз инвестицияларды тартуу кызыкчылыгын билдирди.

Тараптар республиканын түштүгүндө жашылча жана жемиштерди консервациялоо өндүрүшү (шире, джем, компоттор) боюнча бирдиктүү ишканаларды түзүү маселесин карашты.

Кызматташууну активациялоо максатында Кыргыз-Корея өкмөттөр аралык комиссиянын биринчи отурумун өткөрүү сунушталды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу