КР Экономика министрлиги: Бизнес менен мамлекеттин ортосундагы ишенимдүү өнөктөштүк – күчтүү экономиканын фундаменти

Новости
11-Март 2019-ж.
4588

КР Экономика министрлиги бизнес менен мамлекеттин ортосундагы соттон тышкаркы жана сотко чейинки талаштарды чечүү демилгесине колдоо көрсөтүүнү улантат.

Адилеттүү сот өндүрүшүнө бизнесмендердин укугун илгерилетүүчү демилге өткөн жылдын аягында экономика министрлиги тарабынан ишке ашырылган. Ошол убакта өлкөнүн бизнес-коомчулугунун сунуштарын жана бардык ишке тартылган мамлекеттик түзүмдөрдүн сын-пикирлерин эске алуу менен мыйзам долбоору таризделген. Бүгүнкү күндө мыйзам долбоору жогору турган инстацияларда каралууда. Ишкерликти өнүктүрүү үчүн сунушталган жаңы киргизүүлөрдүн маанилүүлүгүн түшүнүү менен министрлик долбоорду ишке ашыруу үчүн ыйгарым укуктуу орган менен биргеликте активдүү иштерди улантат.

“Өлкөнүн бизнес-коомчулугу менен түзүлгөн тыгыз кызматташуунун алкагында, биз ар дайым Кыргызстандагы соттук системага карата ишкерлердин ишениминин туруктуу төмөндөшү жөнүндө дайыма маалымат алып турабыз. Бул стреотип биздин жарандарда туруктуу, тышкы инвесторлор жөнүндө эмне айтуу керек?! – КР Экономика министри О. Панкратов. Биздин максат – инвесторлорду жана алардын менчиктерин коргоо, ата мекендик ишкердикти өнүктүрүү үчүн жана чет өлкөлүк капиталды тартуу үчүн да жагымдуу экосистеманы түзүү, бизнес менен мамлекет ортосундагы ишеним векторун өзгөртүү. Ошондуктан биз аталган долбоор КР Өкмөүт жана ЖК жетекчилиги тарабынан колдоого алынат деген үмүттөбүз”. 

Сөз болуп жаткан КР Мыйзам долбоорун министрликте кыска убакытта түзүлгөн - болгону 2,5 айда. Ага ылайык, мамлекет Кыргызстандын экономикасынын инвестору деп чет өлкөлүк гана эмес ата мекендик бизнесмендерди да тааныйтЭң башкысы медиация институттарынын жана бейтарап соттун жардамы менен бизнес менен мамлекеттин ортосундагы талаштарды чечүүгө мүмкүндүк беретБул нерселер чыр-чатак маселелерин адилеттүү жана ачык-айкын чечүүгө мүмкүнчүлүгүн гана жогорулатпастан, териштирүү жол-жоболорун да жеңилдетет жана тездетет. 

Эскерте кетсек, бейтарап соттор өз алдынча жана көз карандысыз – алар эч бир мамлекеттик органдарга баш ийбейт. Медиация чатакташкан тараптардын ортосундагы талаштарды сотко кайрылбастан чечүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу