О. Панкратов өз куттуктоосунда аялзатынын тең укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске салды

Новости
07-Март 2019-ж.
2705

2019-жылдын 7-мартында КР Экономика министри Олег Панкратов айымдарга куттуктоо сөзү менен кайрылды.

“Кылымдан ашык убакыттан бери 8-март күнү аялзатынын тең укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө коомчулуктун көңүлүн буруу менен Аялдардын эл аралык күнү катары белгиленип келет. Андан бери дүйнө бул маселеде олуттуу прогресске жетишти. Бүгүнкү күндө көптөгөн өлкөлөрдө жана биздин Кыргызстанда аялдар билим алуу, кесиптик ишке ашыруу, бирдей айлык акы алуу, шайлоо жана башка укугуна ээ, ошондой эле мамлекеттин толук колдоосунда жана коргоосунда.

Ушундай ийгиликтин артынан Аялдардын эл аралык күнү кошумча мааниге ээ болду жана 8-март күнү биз айымдардын жан дүйнөсүн жылытканга аракеттенебиз! Жаздын келиши менен өзүбүздүн колдообузду көрсөтүп, дем берип, кубантканга аракет кылабыз! 

Кыргызстандын айымдарын өз атыман жана коллективдин атынан 8-март майрамы менен куттуктайм! Үй-бүлөңөргө – тынчтык жана бейпилдик. Биздин Кыргызтанга – гүлдөп өнүгүү!

Өз укугуңарды пайдалангыла, алар жашоодогу ийгиликтерге жана максаттарга жетүүгө көпүрө болуп берсин!

Биздин министрликтин бардык кызматкерлерине жогорку кесипкөйлүүгү жана жоопкерчилиги үчүн өзүнчө ыраазычылык билдирем! 

Майрамыңыздар менен!”

КР Экономика министри Олег Панкратов

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу