Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министри өлкөнүн кен казуу тармагынын өнүгүүсүн токтотуп жаткан укуктук аспектилер боюнча Эл аралык ишкерлер кеңешинин ачык жыйынына катышууда.

Новости
11-Июнь 2012-ж.
2918

""


Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министри Т.Сариев Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагынын өнүгүүсүн токтотуп жаткан укуктук аспектилерди талкуулоого арналган, ошондой эле республикада инвестициялык чөйрөнү жакшыртуунун стратегиясын түзүүгө багытталган Эл аралык ишкерлер кеңешинин ачык жыйынына катышат.


Министрлик өз тарабынан инвесторлор үчүн биздин өлкөдө иштөө пайдалуу боло турган мамлекет менен инвесторлордун кызыкчылыктарынын балансын салыштырууга боло турган шарттарды түзүүгө умтулат. Экономиканын реалдуу секторун инвестирлөөнүн масштабын олуттуу кеңейтүү гана эмес, ошондой эле инвестициялык иштин инновациялык багытталышын күчөтүүнүн эсебинен инвестициялардын сапатын өзгөртүү керек деп эсептейт. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу дем берүү жана республикада жер казынасын пайдаланууну туруктуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү менен түп-тамырынан берки реформалоону баштоо зарыл.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу