Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы

Новости
26-Февраль 2019-ж.
4784

2019-жылдын 22-февралында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган кыргыз делегациясы Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин жыйынына катышты.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин атынан министрдин орун басары - Дастан Кадыров катышты.

Аталган иш-чара Москва шаарында Армения Республикасынын вице-премьер-министри Мгера Григоряндын төрагалыгында болуп өттү. 

Жыйындын жүрүшүндө 24 маселе, анын ичинен интеграциялоо, соода, бажылык жана техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды көрүү маселелери каралды.

Жыйындын жыйынтыгында ЕАК Кеңешинин мүчөлөрү төмөнкү чечимдерди кабыл алышты.

Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорттук каражаттарды өткөрүү жөнүндө маалыматтарды берүүнүн мезгилдүүлүгү жана тартиби, ошондой эле курамы, түзүмү, форматын аныктаган - “Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорттук каражаттарды өткөрүү жөнүндө маалыматтарды берүүнүн мезгилдүүлүгү жана тартиби жөнүндө ошондой эле курамы, түзүмү, форматын аныктоо жөнүндө”, ЕЭК Кеңешинин чечими;

- “2017-2018-жылдарда Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттери тарабынан аткарылган кызмат көрсөтүүлөр,  уюштуруу жана ишти соодалоону   жөнгө салуу эрежелеринде   каралган жоболорду мониторинг жүргүзүүнүн  жыйынтыктары жөнүндө” Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин (мындан ары – ЖЕЭК) буйрук долбоору менен жактырылган ЕЭК Кеңешинин чечими; 

ЖЕЭК буйрук долбоору менен ЕАЭК мүчө-мамлекеттеринин өкмөттөрүнө жана Комиссияга тапшырма берүү каралууда, алар:  

а) кызмат көрсөтүүлөр, уюштуруу жана ишти соодалоону жөнгө салуу эрежелеринде каралган жоболорду ишке ашыруу боюнча иштерди активдештирүү;


б) Кызмат көрсөтүүлөр, уюштуруу жана ишти соодалоону жөнгө салуу эрежелеринде каралган жоболорду ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзүүдө мониторингдин жыйынтыктарын эске алуу; 

- “Евразия экономикалык бирлигинин жана Кытай Эл Республикасынын бажы чек арасы аркылуу товарлар жана транспорттук каражаттар жөнүндө маалымат алмашуу тууралуу Макулдашуунун долбоору жөнүндө” ЕЭК Кеңешинин буйругу.

Макулдашууга кол коюу үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду жүргүзүүсү үчүн ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерине аны жиберүү үчүн аталган Макулдашуунун долбоору ЕЭК Кеңешинин буйругу менен жактырылган;

“Тарифтик преференцияларды калыбына келтирүү учурларын жана шарттарын белгилөө жөнүндө” ЕЭК Кеңешинин чечими.

Жыйындын жүрүшүндө ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү Россия жана Казакстан бажы кызматынын навигациялык пломбаларды пайдалынуу менен автомобилдик транзиттик ташууларды мониторинг жүргүзүү боюнча эксперименттердин жыйынтыгы жөнүндө отчетун угушту. Талкуудан кийин эксперименттин жыйынтыгын изилдөө жана ЕАЭБ алкагында навигациялык пломбаларга бирдиктүү талаптарды иштеп чыгуу маселесин кайра иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу