Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар мамлекетинин ортосундагы кош салык салуудан качуу жана кирешеден салык төлөөдөн четтөөнү болтурбай коюу жөнүндө Макулдашуунун долбоору бою

Новости
11-Июнь 2012-ж.
2929

Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги үстүбүздөгү жылдын 4-июнунан 6-июнуна чейинки Доха (Катар) шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар мамлекетинин ортосундагы кош салык салуудан качуу жана кирешеден салык төлөөдөн четтөөнү болтурбай коюу жөнүндө Макулдашуунун долбоору боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөндүгүн билдирет.

Үч күндүк сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Тараптар Макулдашуунун долбоорундагы бардык статьялар боюнча толук макулдашууга жетишти. Мамлекеттик бардык ички жол-жоболор аткарылып бүткөндөн кийин бул долбоор кол койууга даяр болот.

Катар мамлекети Кыргыз Республикасы үчүн сүйлөшүүнүн 1-раундунда эле макулдашуунун бардык статьялары боюнча макулдашууга жеткен 8-мамлекет болду.

Белгилей кетчү нерсе, азыркы учурда ар бир мамлекетке кирешелердин жана капиталдын аныкталган түрлөрүнө салык салуу укугун бекитүү менен өнөктөш - өлкөлөр ортосунда салыктык өз ара мамилелерди жөнгө салууга багытталган алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн мамлекеттери менен эки тараптык келишүүчүлүктү белгилөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу