Стандартташтыруу жана метрология борборунда консультациялык аянтча иштейт

Новости
21-Февраль 2019-ж.
4921

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана КР ЭМге караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору бизнес-коомчулугу, мамлекеттик органдар жана бардык кызыкдар жактар үчүн ЕАЭБге интеграцияланууда Кыргыз Республикасынын адаптациялануу мезгилинде мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртуу жана тобокелдиктерди азайтуу боюнча Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) колдоосунда АӨБ техникалык жардам долбоору боюнча КР ЭМге караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун базасында консультацияларды жүргүзүү иштерин улантууда.

Ушул, 2019-жылы төмөнкү багыттар боюнча бардык кызыктыруучу суроолорго белгилүү эксперттер жана жетектөөчү адистер тарабынан консультация берүү уланууда:

- техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу, метрология, шайкештигин баалоо чөйрөсүндө жана Бажы биримдигинин Техникалык регламенттеринин жоболорун түшүндүрүү боюнча;

- атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында менеджмент системасына жана ХАССП принциби, ошондой эле ИСО 9001 стандарты боюнча ИСО 22000 тамак-аш продукциясынын коопсуздук стандарттары боюнча тамак-аш продукциясын өндүрүүчүлөрүнүн маалыматтарын жогорулатуу үчүн экспортко дем берүү. 

Жогоруда келтирилген стандарттар боюнча сертификациялоонун жыйынтыгында, ишкананын кардары көп болот жана мамлекеттик тапшырыктарды алууга жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен иштөөгө өз бизнесинин мүмкүнчүлүктөрү кеңейет.

Ошондой эле Экспорт программасынын лабораториялык кызмат көрсөтүүлөрдү маалыматтык камсыздоо бөлүгүндөгү 2.1.6-пунктун ишке ашыруу маселеси каралды;

- полиэтилен таңгактарды жөнгө салууга тиешелүү консультациялар жүргүзүлөт;

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө” мыйзамынын долбоору боюнча маселе каралды.

Бул кадамдар Кыргызстандын улуттук экономикасын модернизациялоого, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин жана дүйнөлүк аренадагы рынокто өлкөнүн экспорттук потенциалын, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. 

Белгилей кетсек, суроолор спектри жана консультация алууну каалоочулардын көбөйүүсү башында эле күтүлгөн. 

Суроолорду 62-37-90, 66-22-81  телефону жана nism@nism.gov.kg электрондук дареги боюнча берүүгө болот; кабыл алуу күндөрү: шаршемби жана жума 16-00 дон 18-00 го чейин чакан залда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу