Семинардын алкагында жакырчылыкты болжолдоонун мүмкүн болуучу сценарийлери каралды

Новости
18-Февраль 2019-ж.
4666

2019-жылдын 6-февралынан 14-февралына чейин Экономика министрлиги, Улуттук Банк, Финансы министрлиги жана Улуттук Статистикалык комитет жана Улуттук Статистикалык изилдөөлөр институту менен биргеликте “Микро жана макро маалыматтардын жардамы менен жакырчылыктын деңгээлин болжолдоо” темасында семинар өткөрүлдү. 

Семинардын жүрүшүндө эконометрикалык логистикалык моделин колдонуунун жардамы менен жакырчылыкты болжолдоо методдору каралды, анын өзгөчөлүгү микро (үй чарбаларын иликтөөнүн негизинде алынган маалыматтар: билим деңгээли, үй-бүлөдө иштеген адамдардын саны, жашоо шарты, узак пайдаланылуучу товарлардын болушу ж.б.) жана макро деңгээлде көрсөткүчтөрдү камтыгандыгы (РДП өсүшү, калктын иш менен камсыз болгон деңгээли, инфляция).

Семинар бир нече этапта өткөрүлдү, биринчи этапта Кыргыз Республикасында жакырчылыкты болжолдоо үчүн моделдерди иштеп чыгуу боюнча колдонмо менен таанышуу болду, ал эконометрикалык логистикалык жалпы серептен турат, тактап айтканда моделди түзүү негизи, өзгөрүлмө моделдерди киргизүү жана негиздөө, интерпретациялоо (чечмелөө) жана диагностика. Ошондой эле үй чарбасын текшерүүнүн негизинде маалыматтарды иштеп чыгуу менен байланышкан маселелер каралды. 

Модель “R” программалоо чөйрөсүндө ишке ашырылгандыгын, ал эми статистикалык маалыматтар көбүнчө башка программалардын форматында (MS Excel, Stata) берилгендигин белгилей кетүү керек. Ошондуктан “R” программалоо чөйрөсүндө импорттого, кайра код коюуга жана маалыматтар базасын бириктирүүгө көп убакыт бөлүнгөн. 

Башкы милдет эки башка деңгээлдеги маалыматтарды бириктирүү: үй чарба деңгээлине жана региондордун деңгээлине. Семинар лекциялардан, практикалык тапшырмалардан жана талкуулардан турду, анын жүрүшүндө жакырчылыкты болжолдоонун мүмкүн болуучу сценарийлери каралды. 


Семинардын жүрүшүндө каралган модель мындан ары Кыргыз Республикасында жакырчылыктын деңгээлин болжолдоо үчүн колдонулат, ал социалдык-экономикалык саясатты туура багытта өнүктүрүү үчүн жана саясаттык чечимдерди кабыл алууда каржылык ресурстарды камсыздоодо зарыл инструмент болуп саналат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу